Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

АКШ АЛТЫ ТУТКУНГА АЙЫП ТАКТЫ


Гуантанамодогу атайын түрмөдө жаткан алты туткунга ырасмий түрдө айып тагылды. Америкалык аскери прокурорлор аларды 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук балааматтарды уюштурган деп эсептешет. Эгер сотто айыпкерлердин күнөөсү далилденсе, алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бирок көптөгөн юристтер жана адам укуктары үчүн күрөшкөн активисттер тергөө маалында эл аралык мыйзам эрежелери бузулганын айтышып, иштин аскери трибуналда эмес, жарандык сотто каралашын талап кылышууда.

Алты туткундун иши АКШ өкмөтү 2001-жылы ноябрда түзгөн атайын аскери комиссияда – трибуналда каралат. Башкы айыпкер делинип Халид Шейх Мохаммед аталууда. Cамолетторду басып алып,АКШга кол кол салуу планын ал Усама бин Ладенге сунуш кылганын жана кийин операцияга өзү баш-көз болгонун дастания маалындагы сурактарда моюнга алган. Прокурорлор ага жээни Абдел Азиз Али көмөктөшкөн, Валид бин Атташ террорчуларды самолетту башкарганга үйрөткөн, Ахмед Хасави жана Рамзи Биналшибх – байланышчы, Мохаммед Кахтани - запастагы учкуч-террорчу болгон дешет.

Алты туткунга тең аскерий оор кылмыштарды жасаган, жайкын жарандарга кол салган, аларды массалык кыргынга учураткан, террорчулук кылышкан жана терроризмди каржылаган деген сыяктуу бир нече пункттан турган айыптар коюлду. Прокурорлор баарына тең өлүм жазасын сураганы жатышат. “Эгер трибуналдын башчысы, судья Сюзан Кроуфорд бул кылмыштар өлүм жазасына ылайыктуу деп тапса, анда айыпкерлерге ушундай өкүм чыгарылышы мүмкүн”, - деп айтты Пентагондун өкүлү.

Процесс Гуантанамодогу лагерде болот. Иштин баары адилет жана калыс териштириле тургандыгына АКШнын ички коопсуздук министри Майкл Чертофф ишендирди.

Бирок бир катар юристтер менен укук коргоочу активисттер алты туткундун ишин жарандык сотко өткөрүп берүүнү жакташууда. Эл аралык мунапыс уюмунун өкүлү Роберт Фриэр процесс маалында танык катары прокурорлор сап кармаганы жаткан көрсөтмөлөрдүн көбү кыйноо же одоно мамиле жасоо жолу менен алынган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Бир нече туткунду, анын ичинде “Ал-Каиданын” башкы төбөлдөрүнүн бири делинген Халид Шейх Мохаммедди сурак маалында сууга тумчуктуруп кыйнашканын АКШнын чалгындоо кызмат жетекчилери жакында моюнга алышкан эле.

11-сентябрдагы балааматта курман болгондордун жакындары жана жар-жамааты арасында да айыпкерлерди өлүм жазасына тартуу маселеси боюнча бир беткей пикирлер жок. Алардын бир жааты мындай жаза мусулман коомчулугу арасында аларды “азапкерлер” атандырып,аброюн ашырышы ыктымал дешет. Экинчи бирөөлөрү канча бир бейжазык кишинин өмүрүнө забын болгондор кылган кылмышына жараша жазага тартылышын жакташат.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук балааматтар баары болуп үч миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG