Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

13-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Фергана областынын аскер губернатору Анжыян жана Наманган уезддеринде өткөн жергиликтүү администрация жетекчилерин шайлоодон чыккан жаңжал туурасында билдирген. Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны, парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өттү.

Фергана областынын аскер губернатору 1896-жылдын 13-февралында Түркстан генерал-губернаторуна рапорт жолдогон. Аскер губернатору Анжыян жана Наманган уезддеринде өткөн жергиликтүү администрация жетекчилерин шайлоо, андан чыккан жаңжал туурасында кабар берет. Анын пикирине караганда жаңжалдын чыгыш себеби, жергиликтүү сот системасынын кырдаалды жетик түшүнбөстүгүнөн жана орус бийлигинин Фергана өрөөнүндөгү көздөгөн саясатын эске албай жасагандыгынан улам жаралган.

Совет өкмөтү кыска аралыкта экономиканы коллектидештирүү жолуна түшүрүп, 1935-жылдын 13-февралында колхозчу ударниктердин II Бүткүлсоюздук съездин өткөрдү.

Кыргызстандык сүрөтчүлөр-А. Воронинин, А. Каменский жана З Хабибулин 1972-жылдын бу күндөрү Москва шаарынын Перов районунда курулган «Киргизия» кинотеатрын жасалгалаш үчүн Союздук борборго чакырылышты. Жаңы кинотеатр 1275 орунга эсептелип, анын жасалгасына Кыргызстандан алынып келген айкел таштар колдонулган.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-февралында өткөн кенен жыйынында 2002-жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2003-жыл үчүн социалдык-экономикалык чаралар багыты белгиленди. Финансы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсүнө караганда өлкө экономикасы 2002-жылы 4,7 % өскөн.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны, парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өттү. Ага Жогорку Кеңеш төрагасынын президент Курманбек Бакиевдин адресине карата айткан бирканча осол салыштармалары себеп болду.
Жогорку Кеңештин ушул эле күнкү жыйынында, парламент спикеринин орун басарлары-Болотбек Шерниязов менен Эркинбек Алымбековдор Өмүрбек Текебаевге тилектештигин билдирип, кызматтан кете тургандыгын айтышты.

Бу күнү 1895-жылы биртууган Луи жана Август Люмьерлер биринчи киноаппаратты патенттешип, 1728-жылы хирург, англис патологиялык анатомия мектебинин негиздөөчүсү Джон Хантер, 1745-жылы атактуу француз мамлекеттик ишмери Шарль Морис Талейран, 1769-жылы айтылуу орус сатирик жазуучусу Иван Крылов, 1873-жылы таанымал орус ырчысы Федор Шаляпин, 1907-жылы кыргызстандык акын Сергей Фиксин жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG