Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

КУМТӨР: КӨКБӨРҮ ТАРТЫШ


Кыргыз өкмөтү менен “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда түзүлгөн мунаса келишимдердин тагдыры бүдөмүк болууда. Жогорку Кеңештин төрага орунбасары К.Исабеков 2003-2007-жылкы кыргыз өкмөтүнүн канадалык корпорация менен түзгөн келишимдеринде Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктары сакталбай калгандыгын ырастап, акциялардын 67%ына кыргыз өкмөтү ээ болушу керектигин айтып чыкты. Жаңы сунушту ал “Акжол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында жарыя кылмакчы.

Башкы келишим шартына ылайык “Камеко” корпорациясынын Кумтөр алтын кенин иштетүүсү 2007-жылдын май айында аягына чыкмак. Бирок да канадалык ишкерлер 10 жылдык мөөнөттүн бүтүшүн күтүп олтурбастан, 2003-жылдын аягында башкы келишимди кайра өзгөртүүгө ал кездеги Акаевдик режимдин коррупциялык шарттарынан мүмкүндүк алышкан.

Өкмөт “Камеко” корпорациясынын алдында “Центерра Голд” компаниясынын түзүлүшүнө, ага Кумтөр алтын кен компаниясынын киришине макулдугун берип, акысына жаңы компаниянын 33% акциясына ээ болгон. Кийин болсо ал акциялардын Кыргызстандын колунда болгону 15,67% гана калган.

Ошол кезде эле парламент өкмөттүн алдагыдай жең ичинен жасалган келишимдери мыйзамсыз экенин, Кыргызстан экономикасында өзгөчө орунда турган Кумтөр алтын кен долбоору парламентте бекитилиши керектигин белгилеп, эки токтом кабыл алган. Алтын кен долбоору коррупцияланып кеткени, андан Кыргызстанга пайда ала электиги далай айтылган.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин бул маселе кайрадан козголуп, канадалык ишкерлер Кыргызстандагы жаңы шарт-жагдайларга байланыштуу сүйлөшүүлөргө макул болгон.

“Камеко”, “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаев аягына чыгарып, Кыргызстан 15,67% акциясын 31%ке көбөйтүүгө жетишкен. Ал келишим парламентте колдоо алганда гана күчүнө кирет.

“Акжол” партиясы көпчүлүктү түзгөн парламентте 2007-жылкы келишимдердин жактырылышы тоскоолдукка учурап, арасат абалда каларын эч ким ойлобосо деле керек.

Парламент төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков кийинки келишимдердин текши баарын мыйзамсыз деп, А.Атамбаевдин өкмөтү кол койгон келишимдерди четке кагууну сунуштоодо.

К.Исабеков президент К.Бакиев Кумтөр маселеси боюнча аны колдоп келгенин айтып, бул ирет деле ошондой болушу ыктымал деген пикирде:

- Анан президентибиз колдоп берген. Бул ирет деле президентибиз түзгөн “Акжол” партиясы бар, президентибиз анан “Акжол” фракциясы колдоп берет деп ойлойм.

К.Исабековдун ырасташынча, “Центерра Голд” компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү 67% аз болбошу керек. Себеп дегенде Кумтөр жаңы компаниядагы эң ири алтын кени. Монголия менен Кошмо Штаттардагы чакан кендердин запасы өтө аз болгондуктан, ага теңдеше албайт.

- Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы чоң алдамчылык болгон. Азыр менде Канаданын банкынын да анализи турат. Ошол анализ боюнча “Центерра” түзүлгөндө Кыргызстан алтындын запасы боюнча акциялардын жок дегенде 69% ээ болушу керек болчу.

К.Исабеков буга чейин өткөн жылкы эки келишимди колдоп келаткан. Эмнеликтен ал мурдагы көз карашын кескин өзгөртүп ийиш себебин комитет жыйыны алдында анын колуна тийип калган эки маанилүү документке байланыштырды:

- Көп маселелер менен таанышып, окуп чыктым. Таң атпай келип укук адистерин, кеңешчи, жардамчыларды чогултуп алып, аппарат жетекчилери менен талдап чыгып ушундай чечимге келдик. Бул мыйзам чегинде болот. Мен ойлойм, “Акжол” партиясы колдоп берет.

Ошол кыйла талаш-тартыш менен өткөн парламенттин эларалык иштер жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин жыйынынан соң “Кумтөр” боюнча өкмөттүк келишимдерди түзүүгө катышкан эксперттик топтун жетекчиси экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров “Акжол” фракциясында улам артка жылдырылып келаткан бул талаштуy маселе боюнча айрым депутаттардын пикири оң экенин билдирген:

- Менин билишимче ушул суроону талкуулаганга, караганга биртоп эле депутаттар даяр болуп калган.

Ал эми “Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыпов мындай орчун маселени кенен-кесир талкуулашка депутаттарга мүмкүндүк бериш зарыл деген пикирде.

- Ошон үчүн депутаттар өздөрү да карап көрүшү керек. Эки келишим турат. Маселе Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.

Өкмөт кол койгон келишим жокко чыгарылып, канадалык компаниянын буга чейинки иш-аракети мыйзамсыз деп табылса, “Камеко” корпорациясы менен “Центерра Голд” компаниялары эларалык арбитраждык сотко кайрылары турулуу иш.

К.Исабековдун айтымында, андай шартта кыргыз өкмөтүнүн да эларалык сотко кайрылуудан башка аргасы калбайт. Анын пикиринде, ансыз да эл арасында жана эларалык коомчулукта Кумтөр долбоору мурдагы президент А.Акаев тушунда коррупциялашып калган долбоор катары баага арзыган, бул болсо жаңы тиреште кыргыз бийлигине жакшы шарт түзүп бериши ыктымал.

XS
SM
MD
LG