Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

ПАКИСТАН АСКЕРЛЕРИ ШАЙЛООНУ ТЫНЧ ӨТКӨРҮҮГӨ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ


Амирбек Усманов, Прага 9-февралда Пакистандын Түндүк Батыш чек ара провинциясындагы Чарсадда районунда жан кечти жардырган бомба 30 кишинин өмүрүн жалмап, 50 кишини жарадар кылса, эки күндөн кийин башка бир жанкечти алты кишини өзү менен кошо тиги дүйнөгө алып кетти. Мындай шартта 18-февралдагы парламенттик шайлоого эл кандай катышат деген кооптонуулар айтылууда. Шайлоо экс-премьер-министр Беназир Бхуттону өлтүрүүгө байланыштуу декбарда болбой калган эле.

Эки жардыруу тең Пакистан улуттук партиялары шайлоочулар менен жолугуп жатканда болду. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок террордук чабуулдар 18-февралда болчу парламенттик шайлоого каршы багытталганы айтылууда.

-Биз зомбулуксуз өнүгүүнүн жолдоочулары болгондуктан, шайлоого катышабыз. Мынабу калабалар шайлоону болтурбоо үчүн жасалып жатканын билебиз. Бул планга жол бербөө үчүн шайлоого катышабыз. Бийликке жулунгандар биздин элди колдонбош үчүн шайлоо майданын таштап кетпейбиз,- дейт Авами улуттук партиясынын өкүлү Захид Хан.

Ал эми Пакистандын Түндүк Батышындагы Балужистанда көпчүлүк партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан. Анын себебин Балужистан улуттук партиясынын Кветта шаардык бөлүмүнүн башчысы Хабиб Жалиб мындай түшүндүрөт:

-Биринчиден, Балужистанда аскерий операция уланууда. Наваб Акбар Хан Бугти жана Мир Балач Мари сыяктуу жетекчилерибиз башка миңдеген адамдарыбыз менен чогуу өлтүрүлдү. Экинчиден, партиянын лидери Сардар Актер Менгал дагы башка миңдеген адамдар абакта соолуп жатышат.

Балужи улутчулардары килейген, бирок эли аз провинцияга автономия берүүнү талап кылышып да, абалды татаалдантууга өз салымын кошууда.

Серепчилер Пакистандагы террордук чабуулдардын артында талибдер менен “ал- Каида” турат деп боолгоо менен, эл ичинде кандуу окуялар үчүн бийлик адамдары да күнөөлүү деген ишеним бар экенин айтышат.

Жазуучу-серепчи Захид Хусайндин сөзүнчө, өзгөчө, Түштүк Батыш Чекара провинциясындагы элдин көбү зобун-зордукка башкаруучу бийликтин айрым элементтеринин да тиешеси бар, же бери дегенде элди шайлоого катыштырбоо үчүн калабага тутурук ташташууда деп ойлошот.

Курч кырдаалдан улам саясый партиялар миңдеген эл чогулган жыйындардын ордуна чакан кездешүүлөр менен чектелүүдө. Же Захид Хусайндын айтышынча, шайлоо өнөктүгү өлкө тарыхында биринчи жолу шаңсыз жана жансыз өтүүдө.

Пакистан өкмөтү болсо, шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн шейшембиден тартып шаар-кыштактарга кошумча аскер жайгаштырды жана саясый өнөктүк өз мөөнөтүндө 18-февралда өтөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG