Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

ТҮРКИЯДА УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН ҮСТҮНӨН ТЕРГӨӨ ЖҮРҮҮДӨ


Нобель сыйлыгынын ээси жазуучу Орхан Памуктун өмүрүнө кол салууга умтулган жана эл ичинде аша таанылган бир катар кишилердин атып өлтүрүлүшүнө катышы бар деп шектелген кылмыштуу топтун үстүнөн жүрүп жаткан тергөө жумуштары Түркиянын коомчулугунда чоң кызыгууну пайда кылууда. Тергөөлөрдүн жүрүшүндө ылайык, өлкөдө өзүн мыйзамдардан бийик санаган жана жергиликтүү жаргон менен “терең мамлекет” деп аталган аша чапкан улутчулдардын түйүнүнүн тамыры кыйла тереңде жатаары байкалат.

Мындан бир айдай илгери мамлекеттик прокурордун буйругу аркылуу өлкөнүн бир катар ири шаарларында бирдей учурда жүргүзүлгөн сериялуу операциялардын натыйжасында, катарында таанымал бир адвокат жана отставкадагы бир генерал да болгон 40 ка жакын кишинин кармалып тергөө абагына алынышы менен башталган криминалдык операция, көпчүлүк комментаторлор жана байкоочулар тарабынан Түркиянын жакын тарыхындагы уюшкан кылмыштуулука каршы башталган эң ири согуш катары бааланууда. Кармалгандардын ичинен жыйырма тогузуна каршы кылмыш иши козголуп прокуратура, басма сөз тарабынан “Эргенокон” деген наам берилген кылмыш тобуна “мамлекетке каршы куралдуу баш көтөрүү уюштурган, Түркияда коомчулукту туруксуздаштырып, армияны путч жасоого тукуруш максатында атактуу интеллигенция өкүлдөрүн, күрд саясатчыларды, атүгүл айрым аскердик жетекчилерди атып өлтүрүүнү пландаган” деген айыптарды такты.

Мындан бир жыл илгери армиян тегиндеги түрк журналист Хрант Динктин жана Анкарадагы Жогорку Соттун бир мүчөсүнүн атылып өлтүрүлүшү окуялары менен да катышы иликтелип жаткан кылмыш тобуна каршы башталган ири операция Европада дагы чоң кызыгууну туудурду. Европарламенттин мүчөсү Йоост Лагендайк өткөн аптада жергиликтүү бир гезитте жарыяланган маегинде Түркиянын ички иштер башкармалыгынын тайманбай жүргүзүп жаткан тергөөсүнө жогору баа берди. “Эргенокон аталган уюмдашкан кылмыш тобу тууралуу айтылып жаткандардын жарымы гана чын болуп чыккандын өзүндө деле, бул көмүскө түйүндүн бүтүндөй талкаланып жок кылынышы Түркиянын келечеги үчүн канчалык ири мааниге ээ экени даана байкалат” деген Лагендайк коопсуздук кызматчыларынын эч кимден коркпой, бул карасанатай кылмыш түйүнүнүн бетин ачуусу мактоого татыктуу окуя экенин билдирди.

Иш жүзүндө бул тергөө жумушун башкаларынан айырмалап турган нерсе, анын жетекчилеринин биринин отставкадагы генерал, гендармериянын чалгындоо кызматы ЖИТЕМдин мурдагы башчысы Вели Күчүк болушу. Айрым комментаторлор Вели Күчүктүн “Эргонокон” аталган бул топтун мүчөсү болушу өлкөдө башаламандык жаратууну көздөгөн бир катар саясатчылардын, коомдук - аскердик бюрократтардын жана мафиянын өкүлдөрүнөн турганы айтылган “терең мамлекет” менен түздөн-түз байланышта болгонун көрсөтөөрүнө ышара кылышууда. 1997- жылда парламентардык бир комиссия тарабынан жоопко тартылышына ошо кездеги өкүмөт башчысы уруксат этпей койгон жана анан көп өтпөй армиядагы даражасы көтөрүлгөн генерал Күчүктүн эми кармалып, түрмөгө салынышы, айрымдардын көз карашында, Түркиядгы демократиялашуу жараянынын туура иштеп жатканын көрсөтөт. Айрымдары болсо муну генерал Күчүктүн ошо кезде активдүү кызматта , эми отсавкада болушуна байланыштырышууда.

XS
SM
MD
LG