Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

С.РАЕВ: АРАЗДАШКАН ТАРАПТАР МУНАСАГА КЕЛДИ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Бүгүн УТРКнын айланасындагы маселе боюнча чырдашып жаткан тараптар келип, “чатак чечилди” деп маалымат берди. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна УТРК чатагын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы, маданият жана маалымат министри Султан Раев жооп берди.

-Султан мырза, тараптар кандай келишимге келди?

-Эки тарапты тең биз сүйлөшүү жолу менен кечээ кечинде чечтик. УТРКнын жетекчилиги дагы, ачкачылык акциясына чыккандар дагы бир пикирге келишип, ачкачылык жарыялагандар өз акциясын токтото тургандыгын билдирди. Эми чындыгында УТРКда чоң реформа жүргүзүш керек. Бул реформа сөзсүз керек. Реформа тушунда өтө оош-кыйыш маселелер болот. Мен ойлойм, ошол УТРКнын жетекчилиги ошол реформага жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу президент дагы чоң тапшырма берди.

-Бирок ачкачылык акциясы токтогон эмес турбайбы. Акциянын катышуучулары “бүгүн дагы жолугушуу болот, ошол сүйлөшүүнүн жыйынтыгына карап гана чекит коебуз” деди. Алардын талабын жакшы билесиз – Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсү болчу...

-Бул кечинде айтылган сөздөр боюнча экинчи тарап ошол акциясын токтототбуз деген. Бүгүн алардын жумуш маселеси каралат жана чечилет. Муну Мелис Асаналиевич дагы чечем деди. Ошол жыйынтык боюнча келишкен пикир ошондой болчу.

-Бейшенбек Бекешов кайрадан вице-президенттик ордуна барышы мүмкүнбү?

-Жок, Бейшенбек Бекешов вице-президенттик орунга барбайт. Себеби ал өзүнүн “Кыргыз көчү” деген программасында иштейт.

-Демек акыркы чекит бүгүнкү дагы боло турган сүйлөшүүдөн кийин коюлат турбайбы...?

-Ооба, биротоло чекит бүгүн коюлат. Кечээ эки тараптуу сүйлөшүү болду. Мен эки-үч күндөн бери эки тарап менен жолугушуп жүрдүм. Анан ошол маселени цивилизациялык жол менен чечели дегенбиз. Эми бул маселе оң чечилип жатат.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG