Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

“АК ЖОЛ” БШКга АЛТЫ ТАЛАПКЕРДИ ТАНДАДЫ


Бүгүн “Ак жол” фракциясы өз алдынча жыйын өткөрүп Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин ичинен алты адамды тандашты. Эми эртеңки жыйында БШКнын мүчөлөрүн шайлоо маселеси күн тартибине коюлуп, парламентте көпчүлүк добушка ээ “Ак жол” партиясы тандаган алты адамын шайлап алууга ниеттенүүдө. Серепчилердин баамында, бүгүнкү күндө өлкөдөгү мамлекетке тиешеси бар бардык маселелер бийлик партиясына көз каранды болуп калгандыктан, эски большевиктик партия тирилгендей элес калтырууда.

“Ак жол” фракциясы БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлердин тизмесин карап чыгып, төмөнкү алты адамды колдой турган болушту. Алар Гүлнара Исабекова, Самат Бөрүбаев, Абдыжапар Бекматов, Чынгышбек Исмаилов, Мирбек Жакыпов жана Алексей Елисеев. Айрым саясат талдоочулар болсо бийликтин “Ак жол” партиясынын аракеттерине тынчсыздануусун билдире башташты. Анткени, алардын баамында баардык маселелерди бийлик партиясы өзү каалагандай чечип, тоталитардык режимдеги көрүнүштөр даана байкала баштады. Негизи парламент БШКнын алты мүчөсүн шайлаганга укуктуу. Калган алты мүчөсүн президент дайындайт. Эртеңки жыйында деле “Ак жол” партиясы өз талапкерлерин оңой эле өткөрүп алары бышык. “Ак жол” партиясынан келген депутат Жангороз Каниметов фракциянын бүгүнкү чечими кандай болгонун мындайча түшүндүрдү:

- Жанагы алты кишини биздин фракцияга колдоп, эртең чоң жыйынга алып чыгалы деп макулдаштык. Комитеттин жалпы мүчөлөрү колдоп берди ошол алтоону. Бул эми партиянын сунушу деп колдоп бердик.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, БШК гана эмес бардык тармактар бүгүнкү күнү бийлик партиясынын колуна өттү жана ансыз да эбегейсиз күчү бар президент, “Ак жолдун” жардамы менен өлкөдө толук үстөмдүгүн орнотту:

- Чет мамлекеттик парламенттерде эгерде үстөмдүк кылган партия өз билгениндей кылып, өз билгениндей шайлайм десе азчылык вето коюп салганга укуктуу. Бүгүнкү күнү биздин парламент аткаруу бийлигин да колго алды, анткени көпчүлүктү түзгөн партия өздөрүн шайлап жатышат. Сот бийлигин да колго алды. Азыр тоталитардык режим демократиялык жол менен келди десек жаңылбайбыз.

Бир катар серепчилер бийлик эмитен келаткан шайлоолордун камын жеп, БШКны азыртадан толук колго алып коюу аракетин көрүп жатканын айтышууда. Ошол себептүү өз талапкерлигин коюп жатышкан оппозициялык маанайдагы адамдар парламентте өтпөйт дешет. Буга чейин БШКнын кемчиликтерин ачык айтып келген мүчөсү Акылбек Сариев кайрадан өз талапкерлигин тарых үчүн гана койгонун, баары бир аны “Ак жол” өткөрбөсүн айтууда:

- Парламенттин табиятын билесиздер. Биз өзүбүздүн талапкерлигибизди тарых үчүн гана койдук. Бизди өткөрбөсүбүздү баарыбыз эле билебиз. БШКда эки-үч кишинин эле оюу бар. Анан “Ак жол” өзү билет эми, бирок жыйынтыгынын негизинде эл баалап алат да, ким шайланганын, ким шайланбаганын карап туруп. Мисалы, мени өткөрөт деген деле оюм жок. Анткени айтылып аткан сөздөрүн, жасалып аткан иштерин көрүп эле атабыз да. Ошондуктан таң кала турган эч нерсе деле жок.

XS
SM
MD
LG