Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

ОБАМА АТААНДАШЫНАН ОЗДУ, МАККЕЙН МААРАГА ЖАКЫНДАП КАЛДЫ


АКШнын президенти болгонго талапкерленген Барак Обама менен Жон Маккейн дагы үч штатта өздөрүнүн партиялаш атаандаштарын утуп алышты. Виржинияда, Мэрилендде жана федералдык Колумбия округунда демократиялык партиянын тарапкерлери Обамага, республикачыларды колдогондор Маккейнге көп добуш беришти.

Колумбия округунда демократ-сенатор Барак Обама добуштардын 75 процентин алды, ал эми Виржиния менен Мэрилендде аны колдогондор 60 процентке чукул болду. Үч штаттагы жеңиштен соң ал 1210 делегаттын добушуна жетишти, Клинтондун активи азырынча 1188 добушка барабар. Демократиялык партиянын талапкери болуп аталуу үчүн курултайда 2025 добуш керек.

Хиллари Клинтон акыркы бир аптанын ичинде мөөрөйдү Обамага сегиз штатта уттуруп жиберген соң шайлоо штабындагы жетекчилерин экинчи ирет алмаштырды. Кетирген өнөгүн эми ал 4-марттагы экинчи “чоң шейшембиде” кайра алганга азырланып жатат. Бул күнү бир эле мезгилде төрт штатта, алардын ичинде Техаста жана Огайодо “праймериз” – партиялык ички сынамык шайлоо өткөрүлөт.

Республикалык партиянын саясий “ат жарышында” болсо сенатор Жон Маккейн маарага жалгыз өзү келет шекилди. Акыркы үч штаттагы “праймеризден” соң ал 789 делегаттын кепилдүү добушуна ээ болду.

Жалпы партиялык курултайда президенттикке талапкер болуп көрсөтүлүш үчүн 1191 добуш талап кылынат. Маккейнден ат чабым артта калган Майк Хаккабини абройлуу республикачылардын көбү жарыштан чыкканга чакырып жатышат, бирок ал азырынча бул талапты таңазар ала элек.

Сенатор Маккейн өзүнүн ийгилигине бекем ишенип калды көрүнөт, өз сөздөрүндө ал эми атаандаш партиянын талапкерлерине – демократтар Клинтон менен Обамага тике качырып, катыла баштады. “Азырынча демократтардан президенттикке ким талапкер болорун билбейбиз, бирок алардын кимиси болсо да өлкөнү кайда алып барарын билебиз, биз буга жол бербейбиз”,- деп айтты Маккейн.

Обама буга жооп кайтарып, эгер демократтардан талапкер болуп калса, өлкөгө ачык-айкын багыт сунуш кыларын билдирди. “Жон Маккейн мени Ирактагы согушту колдоду деп айыптай албайт, - деди Обама, - анткени мен ага башынан эле каршы болгомун”.

Гэллап агенттиги өткөргөн соңку иликтөөдө демократиялык партиянын жалпы өлкөдөгү жактоочуларынын теңинен көбү Хиллари Клинтонду президенттикке мыкты талапкер деп аташкан. Обаманы алардын 48 проценти колдошкон. Ал эми республикалык партиянын тарапкерлери арасында Маккейнге ушундай баа бергендер саны 32 процентти түзгөн. Калган 52 проценти сенатордун башка саясатчылардан эч кандай деле өзгөчөлүгү жоктугун айтышкан.

XS
SM
MD
LG