Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

УТРК: ЖААТТАШКАНДАРДЫН ЖАҢЖАЛЫ БАСЫЛДЫ


Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчисине каршы чыккан кызматкерлер ачкачылык акциясын токтотушту. 13-февралда УТРКнын милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов менен ачкачылык кармаган тараптын жолугушуусу болуп, алар мунасага келишти.

УТРКнын айрым кызматкерлери 31-январда баштаган ачкачылык иш-чарасын кечээ УТРК жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин токтотушту.

УТРК жетекчисинин орун басары Эрнис Кыязов эки тараптуу макулдашууга ылайык, ачкачылык кармагандар УТРКда ишин улантышаарын жана аларга жамаат жана жетекчилик тараптан эч кандай кысым болбойт деп ишендирди:

-Жамаат бөлүнөт деген кооптонуу жок. "Биздики, сиздики" деген маселе такыр болбойт. Болгону телевизорду карайбыз да, кимдики сапаттуу – ошого атак жана даңк, кимдики сапатсыз-аны сапатсыз экен деп чанып салбай, кантип сапаттуу кылыш керек, деген кеп кеңеш айтып чечебиз.

Ачкачылык кармагандар президент К. Бакиев телеканалдын жетекчиси М.Эшимкановду кызматынан кетирбей турганын билгенден кийин нааразылыгын токтотууну чечишти деген пикирлер да коомчулукта айтыла баштады. Э. Кыязов мындай пикирлерди негизсиз деп эсептейт:

-Шарттарды түзүп берели, түзүп берүүгө милдеттүүбүз, келгиле иштейли деген негизде тил табыштык, күлүп жайнап тарап кеттик. К. Бакиев колдогон үчүн айла жоктон мунасага келишти деген сөздө эч кандай негиз жок.

УТРК жетекчисинин мурдагы орун басары, ачкачылык жарыялагандардын бири Бейшенбек Бекешов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ачкачылык кармагандар ишке биринчи күндөн тартып киришет:

-Ачкачылык токтоду. Акырындык менен тамак ичип баштадык. Тамакты ыгы менен ичпесе киши өлүп калат экен. Эми үч-төрт күндүн ичинде калыбыбызга келип калабыз деп ойлойм.

Б. Бекешов УТРК жетекчилиги аларга мурдагыдай шарт түзүп берүүгө убада кылганын айтты.

Маданият жана маалымат министри С.Раев “Азаттыкка” берген интервьюсунда Бекешов кайрадан УТРКнын вице-президенттигине отурбайт, анткени анын өзүнүн программасы бар деп билдирди.

Ачкачылык акциясынын катышуучулары бардыгы болуп 9 талап коюшкан. Медиа өкүл институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков бул талаптарды ультимативдик деп атаган.

Мына ушинтип эки тарап бир пикирге келгени менен акыркы чекит коюлду деп айтууга болбойт, дейт Илим Карыпбеков:

-Бул маселе сөзсүз түрдө кайрадан көтөрүлүп чыгат. Себеп дегенде, азыр УТРКда көркөмдүк кеңеш тарификациялоо, аттестациялоо деген маселени башташат. Ошонун негизинде, көптөгөн кызматкерлер УТРКдан кетет.

Илим Карыпбековдун белгилешинче, УТРК жетекчилиги ачкачылык кармагандар менен мунаса таап, жамааттын башка кызматкерлерине ушундай чараларды колдонууга өбөлгө түзүп берди:

-Президент өзүнүн бир сөзү менен эле катуу айтып, 10 киши үчүн эч кандай талаптарды аткарбайбыз десе бул маселеге чекит коюлмак. Азыр болсо бул маселеге чекит коюлган жок. УТРКда иштеп жаткан башка кызматкерлер көрдү, ушундай багытта маселени чечсе болот экен деп, эми дагы бир далайга чейин ушундай саясый акциялар болушу мүмкүн.

УТРКнын он бирдей кызматкери телеканалдын жетекчиси М. Эшимкановдун кадр саясатына нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылып, туура эки жума ачкачылыкта отурушту.
XS
SM
MD
LG