Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ОШТОГУ ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР БЕКНАЗАРОВДУ ЖАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


«Бекназаров президент Бакиевди кетирүү ураанынын астында мамлекеттик төңкөрүш жасаганы калды. Активдүү тарапкерлери менен кошо жазага чегерилсин!», «УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эшимканов Бакиевдин түбүнө жете электе кызматынан бошотулсун!» деген талаптарын жарыялашты Оштогу бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү. Ошол эле учурда 2005-жылдын мартындагы ыңкылаптын айрым катышуучулары Бекназаров баштаган революциялык комитеттин максаты жүйөөлүү экендигин белгилешүүдө.

Оштогу маалымат жыйынында өзүн Ош облустук революциялык комитеттин төрайымы деп тааныштырган Рахима Матраим кызы: «Бекназаров революцияны бизнеске айландырып алды. Көшөгөнүн артында ар кимди Бакиевге каршы тукурган менен, пушкасынын огу жок, эч качан атылбайт. Бул бийликке жетпей калгандагы аргасы» деген оюн билдирди.

«Жаңы заман» гезитинин баш редактору Эркин Кожогелдиев «Мурунку жана кийинки кылык-жоруктары үчүн экс-башпрокурор Бекназаровдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу зарыл! Себеби ал легитимдүү президент Бакиевди кетирүү ураанынын астында элди төңкөрүшкө үндөп жатат. Буга санаалаш УТРКнын учурдагы жетекчиси Эшимкановдун колунан да жакшылык келбейт. Азыркы бийликке кесепетин гана тийгизет. Жумушунан токтоосуз бошотуу керек!» деп эсептейт.

- «Агым» гезитинин бүгүнкү кезде ээси аксылык жигит экен. Кайра эле КТРдин президенти Эшимканов “Агымдын” башкы идеологу болуп турат. Ал көмүскөдө турганы менен Бекназаровдор аркылуу дагы эле болсо бузукулугун койбой келатат. Элдик бийлик тушунда КТР Эшимкановдун башчылыгында кете турган болсо биз оңолбойбуз. Бул мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык болушу мүмкүн. Мамлекеттин, улуттун бүтүмдүгүнө шек келтирген саясий экстремисттерди жоопко тартыш керек, - деди Эркин Кожогелдиев.

Маалымат жыйынында «Мыйзам жана тартип» бейөкмөт уюмунун лидери Изатулла Рахматуллаев: «Ревкомдун мүчөсү Анвар Артыков – авантюрист. Аны мурдагыдай өзбек туугандар ээрчибейт!» деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров жетектеген революциялык комитеттин Оштогу мүчөлөрү жеке коопсуздугу үчүн ой-пикир айтуудан таптакыр баш тартышты.

2005-жылдагы март ыңкылабынын Оштогу активдүү катышуучусу, эмгек жана социалдык коргоо министринин кеңешчиси, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын түштүктөгү төрагасы Керим Макеев Азимбек Бекназаровдун талабы жалпы жонунан жөндүү экендигин моюндап, бирок бийлик алмаштырууну жаман өнөкөткө айландырбастан, президент Бакиев экинчи мөөнөткө дейре иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилишин эп көрөт:

- Жөн гана революциянын аты болду. Бирок подхалимдер пайдаланып, баягы эле Акаевдин убагындагы ичип-жеген, ойногон-күлгөндөр дагы эле жүрөт. Азимбек айткан ушул талаптарына кошулам. Бирок мөөнөтсүз президенттик шайлоо дегенине мен кошула албайм. Жаманбы-жакшыбы биз 2005-жылы президенттик шайлоону өткөргөнбүз. Ошондуктан бул созывда толук иштеп, экинчи созывда кыйын утсун деген идеяны айтам, - дейт Керим Макеев.

Март ыңкылабынын Оштогу штабынын ошол кездеги башчысы Мырзабек Акматов 2005-жылдын 19-мартындагы курултайда Курманбек Бакиев, Досбол Нур уулу, Адахан Мадумаров оштуктардын алдында кадимкидей ант беришкендигин эске салып, ошондогу убадалардын бири дагы аткарылбагандыктан, калк нааразычылыгы бүгүнкүдөй ырбап олтургандыгын ачыктады:

- Мына ошол антыбыз азыркыга чейин аткарылбай кайра атка кетип атат. Акаевдин адамдарынын кругунан чыгалбаса, Курманбек Салиевич да ошолор менен бирге экен. Революционерлердин бардыгын тээп салды, бири дагы жок .

XS
SM
MD
LG