Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

19:07 Жалалабат облусунда жыл башынан бери жол кырсыгынан 8 адам каза тапты


13-февралда Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө карама каршы жолдо келатышкан “Фольксваген пассад” автонунаасы менен “Ауди 100” маркасындагы эки автоунаа кагышып кеткен. Натыйжада эки автомашинадагы 4 адам каза болуп, 5 киши ар түрдүү деңгээлде жараат алышкан. Ушундай эле окуя үч күн мурда түнкү саат он жарымда Ош-Бишкек унаа жолунун 439 чакырымында катталган. Анда “Мерседес бенц” автоунаасы менен “Ауди” маркасындагы автомашиналары сүзүшүп, төрт адам өмүрүнөн айрылып, түрдүү деңгээлде жарат алган эки киши ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу билдирген обулустук бийликтин укук коргоо бөлүмү кырсыктарга жолдун тайгак, автоунаалардын катуу ылдамдыкта жүрүп, жол эрежелери бузулуп жаткандыгын жана мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин начар иштерин белгиледи. (YA)

XS
SM
MD
LG