Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

ЖАЛАЛАБАТ: ТЕРГӨӨГӨ БАЙЛАНЫШТУУ КИМДЕР КАРАКТАГАНЫ ТАБЫШМАК


Облустун Алабука районунда жашаган эки тургун жакында бетине чүмбөт кийген белгисиз үч киши үйүнө кирип келип, карактап кеткендигин милицияга, алардын райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызына ылайык колундагы тапанчасы менен коркуткан адамдар үй ээлерине улуттук коопсуздук кызматынан келдик деп айтышкан жана ири суммадагы акчаларын алып кетишкен. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалалабат гарнизонунун аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу аскер прокуратурасы азырынча эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Окуя Алабука районуна караштуу Көксерек айыл өкмөтүндө болгон. Дам айылынын эки тургуну 9-февралда райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. Алар өз арызында 6-февралдан 7-февралга караган түнү З 75-80 номерлүү ак түстөгү “Нива” маркасындагы автоунаа менен келген 25-30 жаш чамасындагы, камуфляж кийинген азия улутундагы үч адам үйлөрүнө бастырып киргендигин билдиришкен.

Тапанча кармаган ал кишилер өздөрүн “биз Жалалабат СНБдан келдик” деп тааныштырышып, “силер контарабандалык иш кыласыңар, ошон үчүн үлүш бересиңер” деп коркутуп-үркүтүү менен үй ээлеринен 2 миллион 600 миң өзбек сумун алып кетишкен. Орозалы Балтабаев жана Топчубек Рыскулов аттуу адамдардан түшкөн аталган арыз облустук ички иштер Башкармасынын кылмыштарды каттоо китебине түшүрүлгөн.

Ошол күндөрү Алабука районуна барып келген облус прокурорунун орунбасары Талант Аккозуев жергиликтүү ички иштер бөлүмү аталган байланыштуу кылмыш кодексинин 168-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, изилдөө иштерин андан ары улантуу үчүн аскер прокуратурасына өткөрүп бергендигин жана бейтааныш кишилер камакка алынганын же алынбаганын азырынча билбей тургандыгын билдирди:

- Алабука районуна караштуу Көксейрек айылынын эки тургуну коопсуздук кызматынын кызматкерлери каракчылык кылып жатат деген арызынын негизинде Алабука райондук ички иштер тергөө бөлүмү тарабынан иш козголуп, ошол ишти жеринен текшерүү үчүн өзүм Алабука районуна барып, жабырлануучулар менен сүйлөшүп, ошол кылмыш ишти көзөмөл иретинде карап, чынында эле Алабука районунун коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алабука районунун тургундарына карата каракчылык кылган боюнча ишти көзөмөлдөп, аларды сурак кылуусуна катышкандан кийин коопсуздук кызматынын кызматкерлери аскер кызматкерлери болгондуктан аскер прокуратурасына өткөрүп бердик. Каракчылык белгилери боюнча 160-статья менен кылмыш иши козголду. Ал кишилер аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган деп айтып жүрүшөт.

Бирок, ушу тапка чейин Көксерек айыл өкмөтүнүн тургундарын кимдер коркутуп, карактап кеткени белгисиз бойдон калууда. Анткени, окуяга байланыштуу эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирген облустук улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Равшан Балтабаевдин телефон аркылуу түшүндүрмөсү боюнча окуяда бүдөмүк болгон жагдайлар бар.

Жалалабат гарнизонундагы аскер прокуратурасынан да окуяга тиешелүү жооп алууга мүмкүн болбоду.

14-февралда күжүрмөн даярдык боюнча машыгууда жүргөн аскер прокурору Акылбек Абдыраев окуяга байланыштуу учурда тергөө иши жүрүп жаткандыгын айтып, чын эле Көксерек айлындагыларды улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, же ал кызматтын атын жамынган адамдар коркутканбы же жокпу, бул жагы так аныкталмай сайын, эч кандай маалымат бере албай тургандыгын телефон аркылуу кошумчалады. Анын белгилешинче, кылмыш ишине жараша шектүү болгон адамдар алгач эки күн камакка алынып, кийин эки жакка кетпөө талабы менен кое берилген.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG