Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Б. БЕШИМОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АКАЕВДИН БИЙЛИГИНИН ЧИРИШИНЕ САЛЫМ КОШКОН


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, Конституциялык соттун төрайымын жана Кыргызстандын акыйкатчысын шайлаган. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Бешимов жооп берди.

-Алгач Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу кеп кылсак. Добуш берүүдө жалаң “Акжол” партиясы тарабынан сунуш кылынган талапкерлер утуп кеткени азыр коомчулуктун бүйүрүн кызытып жатат. Мындай натыйжа парламентте аталган партиянын сан жагынан үстөмдүк кылганы үчүн келип чыктыбы же дагы башка себептери барбы?

-Кечээ өзүңөр көргөндөй, жалпы Борбордук шайлоо комиссияны жаңыдан түзүү процессинде бардык алты талапкерди Жогорку Кеңеш сунушташ керек эле. Ошол алтоону тең “Акжол” партиясы сунуштады. Бул жерде бир нерсе көрүнүп эле турат: бүт бардык эле орундарды бир эле партия ээлейин деген багытта кетип баратат. Ошондуктан биз “каалаганча ээлегиле, эмне кылсаңар ошону кылгыла, биз болсо, силер канчалык жакшы иштей аласыңар көрөлү” дедик.

-Ошондой эле кырдаал - бир партиянын үстөмдүгү - Кыргызстандын акыйкатчысын жана Конституциялык соттун төрайымын шайлоодо дагы байкалды. Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкованын дарегине дагы түрдүү сын-пикирлер айтылды. Ал эми “Акжол” партиясынан парламенттин айрым өкүлдөрү укук коргоочу Турсунбек Акунду дагы катуу сындап, ошол эле учурда президент сунуштаган үчүн гана добуш беребиз деп айтышканы чынбы?

-Конституциялык соттун төрайымын дайындалышын биз атайын аны фракцияда талкууладык. Светлана Калдарбековнаны чакырып, аны менен дагы өзүнчө маек курганбыз. Бирок биз атайын билдирүү жасадык. Ал билдирүүдө эки ойду баса белгилеп кеттик. Биринчиден, жөнөкөй эле төрайымды дайындоо азыркы учурда негизги маселе эмес. Эң негизгиси, жалпы сот системаны реформалоо, ал адептүү жана мыйзамдын негизинде иштесин деген ойду дагы бир жолу жалпы билдирдик. Анткени азыркы учурда сот системасынын абалы мурдагыдай эле. Ушул саясий оюндарга кийилигишип, анан саясий кызыкчылыкка сот система байланган. Анан билесиздер, Конституциялык сот мурдагы режимде Акаевдин жалпы бийлигинин чирип-иришине өз салымын кошкон. Ошондуктан биз сот системаны, Конституциялык сотту тазалыкка чакырып, жалпы мыйзамдын негизинде, элдин пайдасына иштесин деген ойду айтып келе жатабыз.

-Турсунбек Акундун шайланышы боюнча сүйлөшсөк. Кечээ айрым кесиптештериңиз анын өзүн сындап, бирок президент сунуш кылган үчүн гана колдоп беребиз деп ачык эле айтышты. Эгерде президент сунуш кылган адамдардын бардыгын эле “макул” деп шайлай берсе, парламент мурдагы көз карандысыз бийлик органы болуудан калат деген пикирлер бар.

-Биз Турсунбек Акун жана Турсунбай Бакир уулу менен фракцияда жолуктук. Албетте аларга суроо берип, алардын жоопторун дагы уктук. Кечээ президенттин сунушунун негизинде Турсунбек Акун шайланды. Биздин оюбуз боюнча Турсунбек Акун өзүнүн өткөн жолу жана жасаган иши менен ошол орунга татыктуу. Адамдардын укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институту жакшы иштеп кетсин, дедик. Бирок кечээ талкууда дагы бир кызык нерсе билинди. Ошол Турсунбек Акунду президент сунуштап атса, “Акжол” фракциясынын депутаттары суроо берип, кээ бир учурда шылдыңдап, күлкүгө айлантып, мына ушундай мамиле жасады. Аны кандай түшүнсө болот? “Акжол” фракциясы кечээ дагы билинди, өзүнүн ичинде болгон ою менен администрациядан түшкөн чечим менен карама-каршы болгону. Бирок ачык айта албайт. Анан колунан келишинче, ошондой ыкмалары менен өзүнүн оюн билдиргенге аракет жасады.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG