Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

ATA МЕКЕНЧИЛЕР АКШнын СЫЙ ТАМАГЫН ООЗ ТИЙИП КЕЛИШТИ


16-февралда АКШдагы жаңы жылдык сый тамакка чакырылган “Ата Мекен” партиясынын жетекчилери Кыргызстанга кайтып келишти. Алар кандай жолугушууларды өткөрүп, кимдердин көңүлүн бурду?

АКШда 1956-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан жаңы жылдык сый тамакка “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын эки орун басары Болот Шерниязов жана Эркинбек Алымбеков чакырылган.

Алар бул максат менен АКШда эки жума болушуп, сый тамактан тышкары АКШнын расмий бийлик өкүлдөрү жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту. Ал тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

- Негизинен федералдык деңгээлдеги аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду. АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер менен жолугуштук. Андан тышкары АКШнын Конгресси менен Сенатынын депутаттары менен кездештик. Ошондой эле штаттык деңгээлде аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик өкүлдөрү, атап айтканда, Юта штатынын Сенатынын төрагасы менен жолугушуу болуп, башка штаттын өкүлдөрү менен бирге конференция уюштурулуп, өз ой-пикирлерибизди бөлүштүк.


Өмүрбек Текебаев айткандай, Кыргызстандын экс-депутаттары Юта коллежиндеги “КМШ аймагындагы парламентаризм: эски сыноолор, жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген тегерек үстөл жыйынына катышып, Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар жана алардын келечекке тийгизе турган таасирлери тууралуу да ой бөлүштү.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бардык жолугушууларда Кыргызстандагы акыркы парламенттик шайлоо жана шашылыш өткөрүлгөн референдумда байкалган айрым көрүнүштөр демократиянын аралы аталган өлкөдөгү артка чегинүү болууда деп тынчсыздангандарын билдиришкен:

- АКШнын өкмөтүнүн Мамлекеттик департаменти шайлоодо административдик ресурс ашыра колдонулду деп расмий түрдө билдирген. Ал эми мамлекеттик эмес уюмдары - Демократиялык жана Республикалык институттарынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып, негизги оппозициялык күч болгон “Ата Мекен” социалисттик партиясы парламентке киргизилген жок деген ой-пикирлерин айтышты. АКШнын бийлик органдарында, коомдук уюмдарында жана жалпы эле саясий элитасындагы негизги пикирдин өзөгүн мына ушундай көз караш түзөт экен.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан шайланып келген депутаты Бейшенбек Абдрасаков экс-спикер Өмүрбек Текебаевдин пикири менен макул эмес. Анын айтымында, экс-депутаттар мейманга чакырган АКШнын каалоо-маанайын өз мамлекетине таңуулоосу натуура:

- Шайлоо демократиялуу өтүп, добуш берүү мыйзамдын негизинде эле болду. Муну юридикалык негизде тастыктаган документтер турат. АКШга барышат, анан биздин бейөкмөт уюмдар чет өлкөнүн акчасын алышат. Алардын акчасын алгандан кийин эле ошолордун ырын ырдашат. Бул такыр туура эмес. Бул жерде Кыргызстандын гана кызыкчылыгын коргошубуз керек. Бирөө Америкага барып келип, бул жерде анын ырын ырдаса, эртең бирөө Орусияга барып, анын сөзүн сүйлөсө, бүрсүгүнү бирөө Кытайга барып, аныкын ырдаса болбойт. Мунун баарын токтотуш керек. Биздин өзүбүздүн мамлекеттик саясат болуш керек.

Ал эми мурдагы спикерлердин бири Абдыганы Эркебаев “Ата Мекенчилердин” АКШнын коомчулугу жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусу кыргыз оппозициясына моралдык колдоо болот деген пикирде.

Бирок, 2005-жылга чейин такта 15 жыл отурган Аскар Акаевди бийликтен кетирүүгө АКШ баштаган батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгы бар болчу деген Абдыганы Эркебаев АКШ Кыргызстандын азыркы бийлиги менен да, оппозициясы менен да салкын мамиледе болуп, келишине өзү түрткү берген жаңы бийликтин демократиялык принциптерден тайгандыгына да кайдыгер карап калды деп баса белгиледи:

- Алар азыркы бийликке катуу акаарат келтирбей, чымчылагандай эле болуп атат. Ошон үчүн оппозицияны да колдобой, эки жагы менен тең сый мамиледе болууда. Себеби бул бийликтин келишине америкалыктардын кайсы бир деңгээлде тиешеси болгондон кийин өз колун таптакыр үзүп алгысы келбей жатат.

Ал эми Өмүрбек Текебаев болсо, АКШнын Юта штатындагы өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууда Кыргызстандагы демократияны өркүндөтүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөр болгондугун кабарлады.

XS
SM
MD
LG