Вашингтондун Африканын чыгышындагы бул өлкөгө алдыдагы беш жыл аралыгында 698 миллион доллар жардам көргөзүүсүн караган келишимге бүгүн АКШ президенти Жорж Буш жана Танзаниянын президенти Жакая Киквете кол коюшту. Жардам АКШнын Миң жылдыктын чакырыктары программасынын алкагында ажыратылат. Мындай жардамды демократиялык жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн мамлекеттер ала алат. АКШ президенти учурда Африканын беш өлкөсүн кыдырууда. Кечээ ал Бенинде болду. Танзаниядан соң Руанда, Гана, Либерияга барат