Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

КОСОВО: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН АЛГАЧКЫ КҮНҮ (Сүрөт баян)


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек 17-февралда Косово (Kosovo) Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялады. Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталган Косово парламентинин атайын сессиясында Көз карандысыздык жөнүндөгү декларацияны өлкөнүн премьер-министри Хашим Тачи окуду. Декларацияда Косово көз карандысыз, демократиялуу жана көп улуттуу өлкө деп жарыяланган.



Косовонун борбору Приштинанын көчөлөрүндө Косово калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн миңдеген албандар жыйналып, көз карандысыздыкты майрамдап жатышат.





Сербия Косово аймагынын албан жетекчилиги жикчилик саясатын андан ары тереңдетип, бир тараптуу эгемендик жарыялачу болсо, анда аймакка карата дипломатиялык жана экономикалык кысым жасалаарын эскертип, бирок аскер күчү колдонулбай турганына да ишаара кылып келет.



АКШ жана Евробиримдиктин ири өлкөлөрү жаңы мамлекетти тааныры күтүлүүдө. Вашингтондон түшкөн маалыматтарга караганда, АКШ Косовонун көз карандысыздыгын жарыялоосун көңүлгө алды, бирок аны тез эле таанууга ашыкпайт. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Вашингтон Косоводогу кырдаалды европалык өнөктөштөрү менен талкуулап жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG