Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

КОСОВОНУН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ


17-февраль, жекшембиде дүйнөдө дагы бир жаңы мамлекет пайда болду. Косовонун парламенти чукул сессиясында аймакты Сербиядан көз карандысыз мамлекет жарыялап, премьер-министр Хашим Тачи жар салган декларацияда жаңы өлкө тынчтык менен стабилдүүлүктү баарынан жогору коеру белгиленди. Көз карандысыздык тууралуу декларацияны жыйынга катышкан 109 депутат кол көтөрүп колдоп беришти, сербдер жана башка улуттук азчылык өкүлдөрү сессияга катышкан жок.

Косовонун премьер-министри Хашим Тачинин аймакты эркин жана көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган сөздөрүн парламент депутаттары жапырт ордунан туруп толкундана угуп турушту:

- Биз, өз элибиздин демократиялык жол менен шайланган лидерлери, ушул декларация аркылуу Косовону көз карандысыз жана демократиялуу өлкө деп жарыялайбыз. Бул декларация биздин элибиздин укугун чагылдырат жана ал Улуттар уюмунун атайын чабарманы Марти Ахтисаари менен толук макулдашылды. Биз Косовону мыйзамга ылайык, эч кимди басмырлабаган принциптер менен бардыгын бирдей коргогон демократиялуу, секулярдык жана көп улуттуу республика деп жарыялайбыз, - деп улантты салтанаттуу сөзүн премьер Тачи.

12 жободон турган документ Косово чөлкөмдөгү тынчтык менен стабилдүүлүктү баарынан жогору коюп, коңшулары менен жакшы мамиледе болууну кааларын белгилейт.

Ошондой эле декларацияда көз карандысыз Косово мамлекети Улуттар уюмунун планындагы багыттарга ылайык түзүлгөнүнө басым жасалат. Ал планга Сербия башынан эле каршы чыгып, Орусия Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде бул пландын кабыл алынышына бут тоскон.

Сербиянын жетекчилери Косовонун көз карандысыз мамлекет деп жарыяланышын эч убакта кабыл албай турганын кайталашты. Премьер-министр Воислав Коштуница телекайрылуусунда Косовонун демөөрчүлөрү катары АКШ менен Евробиримдикти айыптады:

- АКШ менен Евробиримдиктин калканчы алдында жалган мамлекеттин көз карандысыздыгы бир тараптуу жарыяланганы – Сербияга каршы агрессия менен бомбалоодон башталган күч колдонуу саясатынын соңку акты. Азыр гана Сербия эмне үчүн НАТО тарабынан бомбаланып, кыйратылганы айдан ачык болду. Косово деген Сербия жана түбөлүк Сербия бойдон кала берет.

Сербиянын президенти Борис Тадич премьердин сөзүн бышыктап, Белград Косовонун көз карандысыздыгын эч убакта тааныбайт, бул декларацияны жок кылууга колдон келген дипломатиялык, мыйзамдуу аракетин көрөт деп ишендирди.

Косовонун борбору Приштинада он миңдеген адамдар аймактын жаңы желегин желбиретип, ыр-күү жаңырып, түнү бою асманда чачырама оттун жарыгы күйүп-жанып, эл көптөн күткөн көз карандысыздык күнүн майрамдап жатты.

Бул күндү мекендештери менен тосуш үчүн атайын Албаниядан келген адам “Азаттыктын” кабарчысы менен өз кубанычын төмөнкүчө бөлүшөт:

- Менин ата-бабаларым көп жылдар мурун өз жерин таштап, Косоводон кетүүгө аргасыз болушкан. Мен, жалгыз мен эмес, ошол менин көзү өткөн ата-бабаларым жана ушул күн үчүн өмүрүн курмандыкка чалгандар, баарыбыз ушул улуу күндү белгилеп жатабыз.

Косово калкынын 90%дайын түзгөн албандар 1990-жылдардын ортосунда көз карандысыздык үчүн куралдуу күрөшүн баштап, серб армиясы менен кагылышууларда 10 миңдей адам курман болгон.

Куралдуу эрегиш дагы он миңдеген адамдарды качкынга айландырып, кандуу уруш кеңири аймакка жайылып кетүү коркунучу жаралганда кырдаалды жөнгө салыш үчүн 1999-жылы НАТОнун күчтөрү кийлигишүүгө аргасыз болгон.

Ошентип, косоволук албандар көптөн күткөн күн да келип, 17-февраль күнү Косово көз карандысыз мамлекет жарыяланды. Жаңы мамлекеттин эгемендигин дүйшөмбүдө бир катар Батыш мамлекеттери тааный турганын жарыялаары күтүлүүдө.

Ал эми жекшембиде Белградда АКШнын элчилиги алдында албууттанган сербдер митинг өткөрүп, имаратка таш жаадырганы кабарланды. Байкоочулар ар кайсы жерлерде сербдер менен албандардын уруш-мушташ, кагылышуулары чыгып кетүү коркунучу жогору деп эскертишет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG