Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

МАРАТ ТОКОЕВ: УТРКнын АЙЛАНАСЫНДА САЯСИЙ ОЮН БОЛУП ЖАТАТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Азаттыктын” кезектеги маектеши “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев болду. Ал УТРКдагы жаңжалдын жөндөлүшү, Байкоочулар кеңешинин ишмердиги жана башка маселелер боюнча ой-бөлүштү.

- УТРКнын Байкоочу кеңеши жарым-жартылай тарап, анын жарымы кайрадан шайланмай болду. Сиздин байкоолоруңуз кандай, бул жакта саясий оюндар болуп жаткан жокпу?

- Бул жакта саясий оюн деп айткандан башка эч нерсе айтууга болбойт го дейм. Себеби өзүңөр көрсөңөр, Байкоочу кеңеши көпкө созулуп түзүлгөндөн кийин эле эртеси күнү эле алардын сегизи арыз жазып чыгып кетип калды. Ошонун эртеси эле УТРКнын аткаруучу директорунун ордуна (Мелис Эшимканов) дайындалып атат. Парлменттин иштегенине бир айдан ашык убакыт болуп калды, ага карабай Байкоочу кеңештин курамын кайра жаңыртуу боюнча такыр жылыш болбой атат.

- Өткөн жыл соңунда журналисттердин коопсуздугуна мамлекеттин көңүлүн буруу маселесин да көтөрүп чыктыңыздар эле. Учурда бул маселе кандай ишке ашып жатат?

- Жаңы жылдын алдында биз берген маалыматтар боюнча иштерди кайра козгоп, ошол боюнча маалыматтарды беребиз дешти эле. Бирок ИИМ жетекчилигинде азыр орун алмаштыруу болуп кетпедиби. Бирок ага карабай азыр ИИМ алдында бейөкмөт уюмдар катышкан өзүнчө бир уюм ачылып атат. Эми ал кандайдыр бир деңгээлде биздин ишти жеңилдетип, арыздар натыйжалуу каралат деп ойлойм.

- УТРКнын жетекчилигине нааразычылык билдирип эки жумадай ачкачылык жарыялаган кызматкерлер бүгүндөн тартып кайрадан ишке кириши күтүлүүдө. Эки тарап мунасага келгени менен УТРКнын айланасындагы чатакка чекит коюлду деп айтууга болобу?

- Султан Раевдин жеке эмгеги чоң болду бул чатактын чечилишинде. Бирок мындай чатактар системалык негизде чечилиш керек. Мындай чатактар улана бериши мүмкүн болуп калып атат. Эгерде Байкоочу кеңештин курамы толукталып, коомдук телевидение акырындап алдыга жыла баштаса, анда мен ойлойм, мындай чатактарды системанын негизинде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт эле деп.

- Кыргызстанда ММКлар бир колго топтолуп жатканы айтылып жатат. Сиздин буга пикириңиз?

- Бизде азыркы ММКлардын кожоюну ким экени тууралу маалыматтар эң катылган сырлардын бири болуп атат. Алардын маалыматтык саясаты бир жактуу болуп атканын байкаса болот. Азыр сын-пикир айткан телекомпаниялар, радиолор Кыргызстанда дээрлик жок калды.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG