Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

АРМЕНИЯ ПРЕЗИДЕНТ ТАНДАП ЖАТАТ (Сүрөт баян)


19-февралда Арменияда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекеттеги эң жогорку кызмат үчүн тогуз талапкер ат салышууда. Алар: премьер-министр, Республикачылдар партиясынын лидери Серж Саркисян; мурдакы өкмөт башчысы, оппозициялык Элдик-демократиялык союздун лидери Вазген Манукян; Улуттук Жыйындын вице-спикери Дашнакцутюн Ваан Ованнисян; «Оринац Еркир» партиясынын лидери Артур Багдасарян; Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросян; «Улуттук биримдик» партиясынын башчысы Арташес Гегамян; Элдик партиянын төрагасы Тигран Карапетян; «Улуттук ынтымак» партиясынын лидери Арам Арутюнян жана Карабахтын президентинин мурдагы кеңешчиси Арман Меликян. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү күрөш негизинен үч талапкердин Серж Саркисян, Артур Багдасарян и Левон Тер-Петросяндын ортосунда боло турганын көрсөткөн. Добуш берүүгө жергиликтүү жана чет элдик уюмдардан баардыгы 13 428 байкоочу көз салышмакчы.













XS
SM
MD
LG