Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:38

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ АФРИКАНЫ КЫДЫРУУДА


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш бул күндөрү иш сапары менен Африкада жүрөт. Бул анын президенттик кызматка киришкенден бери "кара континентке" экинчи ирээт келиши жана ал жалпысынан беш өлкөнү кыдырат. Аймактагы жакырчылыкка жана жугуштуу оорууларга каршы күрөшүү анын иш сапары учурунда талкууланып жаткан башкы маселелерден. Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан Жорж Буш Африкага багытталган саясатты тышкы гуманитардык саясат катары карайт.

АКШ Жорж Буштун президенттигинин тушунда Африканын айыкпас дарты катары эсептелген СПИД илдетине каршы күрөшүү үчүн 15 миллиард доллар ажыратты. 2003-жылы башталган бул программа быйыл бүтүүдө. Ал эми азыр кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Конгрессти бул максатта алдыдагы беш жылга дагы 30 миллиард доллар ажыратууга ынандыруу аракетин жасоодо.

Африкадагылар азап чеккен илдеттердин экинчиси – малярия же безгек. Буш Африка сапарынын алкагында алгач токтогон Бенин өлкөсүндө мына ушул илдетке каршы күрөшүү үчүн жардамды улантууну убада кылып, өлкө бийликтеринин берилген акчанын уурдалбашы үчүн көрүп жаткан чараларын кубаттады:

-Дүйнө лидерлери түшүнүп коюшу абзел, АКШ лидерлер менен да, калк менен да өнөктөш болууну каалайт. Бирок биз акчаны көз көрүнөө эле уурдап кетүүчү адамдар менен иштешпейбиз. Сиздер орнотуп жаткан айкындуулук жана өлкөдөгү күчтүү өнөктөштүк, силердин калкка чоң ишеним тартуулашы керек.

Жорж Буш Африка сапарынын алкагында экинчи токтогон Танзания, "Вашингтон Пост" басылмасынын жазганына караганда, СПИДге каршы күрөшүү программасы боюнча эң көп каржы алып жаткан өлкөлөрдүн бири. Ал акчанын эсебинен ооруканалар салынып, бейтаптар дарыланууда. Быйыл жыл соңуна чейин аталган программанын алкагында Танзанияга дагы 800 миллион доллар каражат түшөт.

Ал эми Дар –эс- Саламдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Танзания президенти Жакая Киквете жана Жорж Буш АКШ Африканын чыгышындагы бул өлкөгө алдыдагы беш жылдын аралыгында 698 миллион доллар грант ажыратуусу караган келишимге кол койду.

АКШнын "Миң жылдыктын чакырыктары" программасынын чегинде бөлүнүүчү бул акча инфраструктураны оңдоого: жолдорду кайра курууга, элди суу жана электр жарыгы менен камсыздоону жакшыртууга жумшалат. "Миң жылдыктын чакырыктары" программасы боюнча каражат демократиялык жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн, коррупцияга каршы күрөшкөн өлкөлөргө берилет.

Белгилеп кетчү бир кызык жагдай, "Вашингтон Пост" гезити жазганын караганда, тышкы саясаты көп талашты жараткан АКШнын азыркы президентинин бедели Британия, Франция, Германия сындуу узактан берки өнөктөш өлкөлөр арасындагы калкка караганда, Африка калкы арасында жогору экен.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Пью иликтөө борборунун долбоору боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоо Танзанияда ага тартылгандардын 40%, Ганада 69%, Кенияда 72%, Кот-Дивуарда 82%ы АКШнын азыркы президенти дүйнөлүк маселерде туура иш кылып жатат деп эсептейт экен.

Дар–эс–Саламда Жорж Буш менен чогуу өткөрүп жаткан пресс-конференцияда Танзания президенти Жакая Кикветиден кабарчылардын бири африкалыктар учурда АКШ президенттигине талаптанып жаткан кандашы Барак Обамага чоң ынтаа менен карап жатканы тууралуу сурады. Танзания президенти өз кезегинде "биз үчүн ал Африкага президент Буш кандай дос болсо, туура ошондой дос болушу өтө маанилүү" деген дипломатиялык жооп узатты.

АКШ президенти 16-февралдан бери уланып жаткан иш сапары учурунда Бенин менен Танзаниядан тышкары Руанда, Гана, Либерияда болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG