Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

А. ЖЕКШЕНКУЛОВ: МУРАСКЕР КАЛТЫРУУ КМШда МЫЙЗАМ ЧЕНЕМДҮҮ КӨРҮНҮШ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Арменияда президенттик шайлоо өткөнү жатат. Постсоветтик мамлекеттерде өлкө лидерин шайлоо тууралуу “Азаттык” үналгысы менен “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов ой бөлүштү.

-Аликбек мырза, маалыматтарга караганда Армениянын президенттигине тогуз талапкер ат салышып жатат. Алардын катарында азыркы президенттин мураскери, премьер-министр Серж Саркисян дагы бар. Сиздин көз карашыңызда, Арменияда президенттик шайлоо канчалык демократиялык негизде өтөт?

- Өзүңөр билгендей, демократия маселеси боюнча КМШ өлкөлөрүнө кыйла баа бериш кыйын. Бирок менин оюмча, Армения бүгүн өзүнчө жол менен баратат да.

Негизинен Серж Саркисянды мен дагы жакшы тааныйм. Коргоо министри кезинде Кыргызстанга эки жолу келип кеткен. Абдан туруктуу, саясий жактан такшалган, ишмер адам. Фаворит катарында бүгүнкү күндө ошол кишинин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Демократия жөнүндө айта турган болсок, өзүңөр билгендей, бүгүнкү күндө КМШда суверендүү демократия, переходный демократия деген түшүнүктөр пайда болуп жатпайбы.

-Мураскер калтыруу постсоветтик өлкөлөрүндө кадересе көрүнүшкө айланып бараткансыйт. Мындай иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы келиши мүмкүнбү?

- Менимче, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени КМШ өлкөлөрүндө дагы, Борбор Азияда дагы демократия анча өнүккөн эмес. Ошон үчүн мураскер бул өзүнчө саясий маданиятты калыптандыруунун биринчи кадамы.

-Постсоветтик өлкөлөрдөгү президенттик шайлоолор менен өнүккөн мамлекеттерде мындай өнөктүктүн айырмачылыктарына токтоло кетсеңиз.

- Айырмасы абдан эле чоң да. Анткени саясий системалар бүгүнкү күндө калыбына келе элек. Саясий партиялар дагы негизинен лидерлердин авторитетине таянышат. Өзүнчө партия болуп чыгып, өзүнчө бир эл арасында аброй күтүп, саясий ролду ойнойт. Бир дагы мамлекетти саясий система бүгүн толук жана туруктуу деп айта албайм.

-Маегиңиз үчүн ырахмат.

XS
SM
MD
LG