Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

“АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫ ШААРДЫК КЕҢЕШ ҮЧҮН АТ САЛЫШАТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Оппозициядагы “Ата Мекен” партиясы чет жактардагы кыргыздар менен алакалашып, дүйнөдөгү солчул күчтөр менен боордоштугун бекемдөөнү пландап жатат. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматынын башчысы Жоомарт Сапарбаев жооп берди.

-Жоомарт мырза, АКШда “Ата Мекен” партиясынын өкүлчүлүктөрү ачылганы кабарланды. Ушундай эле өкүлчүлүктөр түштүк-чыгыш Азия менен батыш Европа өлкөлөрүндө дагы ачылганы жаткан экен. Бул өкүлчүлүктордүн максаты эмнеде болот?

- Албетте, бул өкүлчүлүктөрдүн бирден-бир максаты “Ата Мекен” партиясынын сыртта жүргөн мүчөлөрүнүнө, өкүлдөрүнүнө, колдоочуларына юридикалык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү болот. Ички саясатка жана ички иштерге биздин өкүлчүлүктөр кийилигише албайт. Ошондуктан болгону юридикалык мыйзам тарабынан гана жардам берүү жана ар кандай уюштуруу иштерин өткөрүүгө гана колдоо көрсөтүп берет.

-Парламенттик шайлоодон кийин “Ата Мекен” жана башка бир катар партияларды Каржы полициясы текшерип баштаган эле. Анын жыйынытыгы эмне болду?

- Мен жеке биздин партия гана жөнүндө айта алам. Каржы полициясы өзүнүн жыйынтык кагазын жазып берди. Анда “бардыгы жакшы, эч кандай мыйзам бузуулар жок” деп айтылат.

-Учурда партиянын ишмердүүлүгүнө бийлик тарабынан кысым байкалган жокпу?

- Азырынча эч кандай кысымдар деле байкала элек. Жаз келсин көрөбүз.

-Буга чейин партия элди кыдырып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат беребиз деп билдирген эле. Бул багытта иштер кандай жүрүп жатат?

- Эми бул багытта жакшы эле жүрүп жатат. Буюрса, марттын жарымында Бишкекте партиянын конференциясын өткөрөйүн деп жатабыз. Бул конференциянын бирден бир максаты – шайлоодон кийинки жыйынтыктарды талкуулоо жана экинчиден, алдыда боло турган Шаардык кеңешке шайлоого даярдык көрүү.

-Буга саясий партиялардын тышкары дагы кимдердин катыша турганы күтүлүүдө?

- Буга “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү гана катышат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG