Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

КООМДУК ПАРЛАМЕНТ КАДИМКИ ПАРЛАМЕНТТИН КАДЫРЫН ТАЛАШАБЫ?


20-февралда Бишкекте Коомдук парламенттин иши башталат. 50 мүчөдөн турган бул коомдук уюм алгачкы отурумунда уюштуруу иштерин жана энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин талкуулоону белгиледи. Ал эми расмий бийлик Коомдук парламентти да, анын ишин да мыйзамсыз деп атады.

Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр өткөн жылкы шайлоодо парламентке кирбей калгандан кийин Коомдук парламент түзүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Мына эми ал парламент саясий партия,өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн жана коомдук-саясий ишмерлерден куралды.

Коомдук парламентти түзүүнүн үстүнөн иштеген «Акыйкат үчүн» кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун маалыматына караганда, Коомдук парламенттин курамына оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, «Таза коом» партиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, коомдук-саясий ишмерлер Накен Касиев, Мирослав Ниязов, Эмил Алиев, Мукар Чолпонбаев, Чолпон Жакупова жана башкалар кирди. Коомдук парламентин жалпы курамы тууралуу Жекшенкулов буларды билдирди:

Бүгүнкү күндө 15 партиядан, өкмөттүк эмес уюм жана коомдук уюмдардан 24 мүчө кирди. Анан коомдук ишмерлер кирди. Абдыганы Эркебаев, Мирослав Ниязовго окшогон Кыргызстандын белгилүү саясатчылары кирди. Булардын ар биринин артында өздөрүнүн адамдары бар.

Коомдук парламент алгачкы отурумунда уюштуруу иштерин карарын Жекшенкулов белгилей кетти:

Биринчи уюштуруу маселеси каралат. Анда төрага жана анын орун басарларын шайлайбыз.Анан үч комиссия шайлайбыз. Биринчиден экономикалык комиссия, экинчиден социалдык комиссия, үчүнчүдөн коопсуздук жана эл аралык комиссия түзүлөт.

Коомдук парламент айына бир-эки жолу өлкөдөгү эң орчундуу маселелер боюнча чогулуп турууну белгилеп жатат. Маселен, биринчи отурумда энергетика маселеси талкууланат. Бул тармак Кыргызстандын экономикасынын арка-бели. Ошондуктан ага чоң маани берилүүдө, деп белгиледи Жекшенкулов. 20-феврадагы жыйында энергетика маселеси боюнча адис-окмуштуулар жана Темир Сариев сөз сүйлөйт.

Расмий бийлик Коомдук парламенттин түзүлүшүнө каршы экени белгилүү. Адилет министри Марат Кайыпов :

Биринчиден, парламент деп ат коюп алып, мамлекеттик органдын атын, функциясын колдонуунун өзү бул биздин элибиздин, шайлоочулардын укугун тепсегендик болот.Экинчиден, буга Конституция жол бербейт. Үчүнчүдөн, элди адаштырып атышпайбы. Кыргызстанда расмий түрдө бир эле бийлик болуш керек.

«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев анын партиясы Коомдук парламентке кирбегенин белгилеп, бирок анын ишинин мыйзамдуулугу тууралуу маселеге карата мындай пикирин билдирди:

Бул партиялар сыяктуу, партиялардын бирикмеси сыяктуу жашай турган коом. Бизде демократиялык шартта кандайдыр башка ой, пикир болушуна жол берилет. Эгерде мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч келтирбесе-анда ар бир коомдук бирикме жашоого укуктуу.

Сарпашевдин пикиринде, Коомдук парламенттин максаты азыркы парламент жана бийликтин кемчилигин сынга алып, биз болсок мындай иштейт элек дегенди элге көрсөтүү жана коомдук пикир түзүү.

Ошентип, 20-февралда Бишкекте ВЭФА соода борборунда Коомдук парламенттин алгачкы отуруму болот. Анда өлкөдөгү саясатка карата оппозициянын үнү, позициясы ачыкталып турмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG