Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

20-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Красноярск воеводасы Д. Г. Загряжский 1678-жылдын 20-февралында жунгарлар энесайлык кыргыздарга орустар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө буйрук бергенин билдирген. Кыргыз урууларынын таасирдүү манаптарынын бири Жантай 1863-жылдын бу күнү улуу жүз казактардын приставы, Алатоо округунун начальниги Г. А. Колпаковскийге кат жолдогон.

XVII кылымдын экинчи жарымында жунгар баскынчыларынын энесайлык кыргыздарга жасаган кысым айынан, кыргыздар менен Сибирдеги орус бийлигинин ичара мамилеси начарлаган. Жунгарлар кыргыздардын орус бийлигине тартылып кетишинен кооптонушуп, аларды мезгил-мезгили менен орус ээлигине каршы тукуруп турган. Мындай саясат бир чети кыргыздарды орустардан алыстатса, экинчи жагынан, жунгарлар кыргыздарды согуш алааматы аркылуу кыска боожуда кармап турууга мүмкүндүк алышкан.

Красноярск воеводасы Д. Г. Загряжскийдин кабарлоосуна караганда, 1678-жылдын 20-февралында ага жунгар контайшиси Галдандан чабарман келип, энесайлык кыргыздарга орустар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө буйрук бергенин билдирген. Анын айтымында, келишимге келчү кыргыз элчилиги жунгар бийлиги тарабынан албан жыйнала тургандыгын жана ага тоскоолдук жасалбасын орус бийлигине билдирмек.

Кыргыз урууларынын таасирдүү манаптарынын бири Жантай 1863-жылдын бу күнү улуу жүз казактардын приставы, Алатоо округунун начальниги Г. А. Колпаковскийге кат жолдогон. Катта Анарбек баштаган 400 кыпчак менен кошо аскерлердин Меркеге келгендиги кабарланат.

Жантайдын билдирүүсүндө, аскерлердин ким жана кайдан келгендиги ачык айтылбастан, алар жалпы жонунан «сарт» деп белгиленет. Ошондой эле, орус бийлигинен аларды жаз айында кууп чыгышына ишеним артылып, генералга 40 кыргоол жөнөтүлгөндүгү кабарланып, Жантай генералдан орозо үчүн бир кап күрүч сураткан.

Кыргыз АССР калкты иш менен камсыздоо кеңешинин элдик комиссары Афанасьев Фрунзеге агылган ишсиздерге 1928-жылдын 20-февралында билдирүү жасады. Элдик комиссар борбор шаарда 3146 иш издеген адам катталгандыгын жана алардын саны улам артып аткандыгын кабарлаган. Ал Кыргыз АССРинде иш табуу мүмкүн эмес, ошондуктан эмгек ордун СССРдин башка жеринен издегиле деп кеңеш берген.

Кыргызстан тарыхында 2000-жыл «Чубактын кунундай чубалган» парламенттик жана президентик шайлоо жылына айланды. Парлементтик шайлоо жаңы шайлоо Кодексине ылайык эки этаптан өткөрүлүп, анын биринчи туру 2000-жылдын 20-февралында жасалды. Шайлоо Кодексине ылайык парламент Мыйзам чыгаруу жана Элөкүлдөр жыйындарынан турган эки палатадан уюушулушу каралган.

Шериктеш мамлекеттер арасынан биринчилерден болуп добушту автоматташтырып эсептөөчү «Шайлоо» системасы колдонулган.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Санкт-Петербург шаарынын губернатору менен кыргыз өкмөтү ортосунда 2004-жылдын 20-февралында эки тараптуу экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу келишимине кол коюлду.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 20-февралында өткөн жыйынында Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетүүнү сураган арызы каралды. Парламент спикери «буга чейин президент Курманбек Бакиевдин адресине айткан акаарат кебимдин мазмуну туура болгону менен анын формасы жаңылыштыгынан улам арыз жаздым», - деп билдирди.

Спикердин кызматтан кетиши үчүн регламентте каралган жетиштүү кол топтолбогондугуна байланыштуу, Жогорку Кеңеш Өмүрбек Текебаевдин арызын канаатандырган жок.

Бу күнү акын жана котормочу Орозбай Сулайманов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG