Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

АЛ-КАИДАНЫН КОЛДОРУ АЛАТООГО ДА ЖЕТТИБИ?


Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Айтылуу террорчул «ал-Каида» уюмунун тымызын аракеттеринин изи Кыргызстандан да чыгууда. Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет, каржы комитетинин отурумунда ачыкталган маалыматка караганда, Каржылык чалгын кызматы өлкө ичинен террорчул уюмдун арам акчаларын адалдоого байланышкан документтерди табышкан. Чалгын кызматынын мындай маалыматы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда.

Мындай маалыматты кечээ Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитетинин отурумунда депутат Аскар Шадиевдин суроосуна жооп берип жатып каржылык чалгындоо кызматынын башчысы Максатбек Садыров билдирген.

Маалыматка караганда, террорчул уюмдун активисттери менен тарапкерлери Кыргызстан аймагында арам акчаларды адалдоо менен алектенген.

Ошондой эле муну тастыктаган документтер табылгандыгы, террорчул, экстремисттик уюмдарга байланышкан 30 документ коопсуздук кызматы менен ИИМге өткөрүлүп берилгени, кылмышка тиешеси бар саналган бир активистке бир нече өлкөдө издөө салынгандыгы маалымдалды. Мындай маалымат азырынча Коопсуздук комитети менен ИИМ тарабынан тастыктала элек.

Ошол эле мезгилде мындай маалыматтын чын-төгүнү талдоочулар арасында эки ача пикирди жаратууда. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев, маселен, таратылган маалыматтын чындыгы бар экенинде кынтык жок дейт:

- “Ал-Каиданын” бул жерге турган себеби, Кыргызстан трансчегарадагы, транзиттик зона болуп калган. Эл аралык кылмышкерлер, терс иштерди жасап жаткан эл аралык уюмдар аныкталып жана бөлөк жакка кетип турган транзиттик аймак болуп калган. Анан кызматкерлердин баасы да арзан, паспорт алып бул жерде жашап калышында. Ошондуктан, алардын бир жерге келип уюшуп, жанагыдай көмүскө иштерди жасап атышы ыңгайлуу болуп атат.

Токтогул Какчекеев коррупциянын өнүгүшү, диний уюмдардын мамлекеттик саясатка аралашып, өздөрүнүн шарттарын коюп жатышы Кыргызстанда террорчул уюмдун максаттарын ишке ашырууга олуттуу шарт түзүп берип жатат дейт. Талдоочу бул өңүттө каржылык чалгын кызматы аткарган ишти Коопсуздук кызматы, ИИМ аткара аларынан күмөнү бар.

Ошол эле мезгилде диний уюмдардын бири - Кыргызстан мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов Кыргызстанда “ал-каидачылардын” табылгандыгы тууралуу маалыматты ислам дининин кеңири жайылып баратышын оозуктоо максатында атайын жасалып жаткан аракет катары баалады:

- Азыр жаштардын бардыгы таза исламга келатышат. Бийлик болобу, башкасыбы, ошондон чочулап, исламды каралап, алдын-ала жамандоо иретинде кылган иштери.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да Кыргызстанда «ал-Каиданын» аракеттери аныкталды дегенге ишенбейт, бирок саясат таануучунун аргументи башкача:

- «Ал-Каидага» таандык адалданган акчаларды таап алдык дегенге мен анча ишене бербейм, чынын айтыш керек. Анткени, “ал-Каиданын” акчасы бир да жерде кармалган эмес. 11-сентябрдан кийин Америкадагы эсептердин баары жабылган. Текшерүүгө алынганы менен, шектелип, бирок далилденбей калган.

Молдалиев мындай маалыматтын пайда болушун чалгын кызматын сактап калуу үчүн эле жасалган айла-амал катары эсептейт:

- Анын керектүүлүгүн белгилеш үчүн сенсациялык билдирүүлөрдү жасап атат. Ушуну түзсөңөр баланча грант беребиз дегенге эле түзүлүп, ан бюджеттин мойнун минип калган эле ашыкча кошумча структура бул.

Адистин көз карашында, террорчул-экстремисттик аракеттер Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткандыгы шек туудурса, андай фактыларды аныктоого салык, Каржы полициясы, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук комитети өңдүү институттар чалгын кызматынан алда канча кудуреттүү.

Каржылык чалгын кызматы терроризмди каржылоого, көмүскө жүгүртүлгөн каражаттарды адалдоого каршы күрөш жүргүзүү максаты менен 2005-жылы түзүлгөн жана бул кызматка президент тикелей көзөмөл жасайт.

XS
SM
MD
LG