Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:05

АРМЕНИЯДА ОППОЗИЦИЯЧЫЛАР ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ АКЦИЯЛАРГА КАМДАНУУДА


Арменияда кечээ өткөн президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары шаршембиде белгилүү болот, бирок ырасмий жыйынтыгы бир жума ичинде жарыяланат. Шайлоо түйүндөрү жабылаарына бир саат калганда, президентти тандоого шайлоочулардын 57%дайы катышканы кабарланды. Бир нече талапкер добуш берүү маалында олуттуу мыйзам бузууларга жол берилгенин билдиргенине караганда, саясий өнөктүк коомдо жаңы тирешүү жаратчудай.

Арменияда добуш берүү түйүндөрү жабыла электе эле айрым талапкерлер шайлоо маалында олуттуу мыйзам бузуулар орун алганын айтып арызданышты. Еревандын борборундагы түйүнгө добуш бергени барган оппозициячыл талапкер, экс-президент Левон Тер-Петросян кабарчынын: “Шайлоо кандай өтүп жатат?” – деген суроосуна “менин маалыматым боюнча, жаман нерселер көп болду”, - деп жооп берди.

Түштөн кийин Тер-Петросяндын шайлоо штабынын басма сөз катчысы Арман Мусинян далай жерде алдын-ала толтурулган бюллетендер ташталып, добуштарды сатып алуу болгонун, андан сырткары оппозициячыл талапкерлердин колдоочуларын коркутуп-үркүтүү, уруп-сабоо фактылары катталганын маалымдады.

Дагы бир оппозициячыл талапкер Артур Багдасаряндын штабы да ушул өңдүү мыйзам бузуулар көп болгондуктан, укук коргоо органдары шашылыш иликтөө жүргүзүшүн талап кылды.

Ал тапта оппозициячыл күчтөр айыптаган бийлик тараптын башкы талапкери, Армениянын премьер-министри Серж Саркисян шайлоонун таза өтүшү баарынан маанилүү деген маанайда билдирүү жасады.

- Мен үчүн баарынан башкысы – добуш берүү эл анын жыйынтыктарына ишенгидей жакшы өтүшү керек. Бир айлампа менен өтөбү, же экиби, анын айырмасы жок.

1-айлампада жеңиш үчүн талапкер добуштардын жарымынан көбүн топтошу керек. Азыркы президент Роберт Кочарян конституция боюнча 3-мөөнөткө шайлана албайт, ал эми ал колдоп-түртмөлөгөн премьер-министр Саркисян калган 8 талапкердин баарын 1-айлампада жеңе алаар-албасы белгисиз. Алдын-ала сурамжылоолор аны менен 2-айлампага экс-президент Тер-Петросян, же Багдасарян чыгышы мүмкүн экенин көрсөткөн. Кандай болгон күндө да, оппозициячыл кыймылдар президенттик шайлоо адилетсиз өткөнүнө нааразылык билдирип, көчө акцияларын сөзсүз уюштураарын эскертишти. Армениядагы шайлоо өнөктүгү коомчулукта бир катар күмөн саноо жаратканын Лондондук эксперт Том де Ваалдын пикири да бышыктайт.

- Менимче, Арменияда тынчсыздандыраарлык кырдаал түзүлдү, оппозициячыл күчтөр премьер Серж Саркисяндын 1-айлампада жеңгенин тынч кабыл албайт. Ошондой деп жарыяланса, алар сөзсүз демонстрацияга чыгышат. Алдын-ала эмне болорун айтуу кыйын болуп турат.

Армениядагы шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан 300дөй жана дагы башка бир катар эл аралык бирикмелердин байкоочулары көз салды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG