Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

БИШКЕК ТАШТАНДЫ ШААРДАН ТАЗА ШААРГА КАЧАН АЙЛАНАТ?


“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити Бишкек шаарына жакында 130 жыл толот, акыркы кездери ички миграциянын айынан шаар кумурсканын уюгу окшоп калды.

Бир кездеги таптаза, гүл жыттанган жашыл шаар ушу тапта ыпластыктан арылбаган, көчөлөрү караңгы, автомобилдери быкпырдай кайнаган, таштанды челектерин селсаяктар аңтарган шаарга айланды деп белгилеп, маселен Лужков Маскөөсүн оңдогондой шаардын азыркы мэри Данияр Үсөнов оңдой алар бекен, анын үстүнө ал акча эсептегенди эң сонун билген финансист, ары тажрыйбалуу бизнесмен да эмеспи деп жазды.

Ал эми Бишкек коммуналдык чарба башкармалыгынын деректири Бакыт Сыдыковдун айтымында Бишкек шаары боюнча 353 миң 600 адам гана таштандыны ташып төгүү келишимине кол койгон.

Ушул жылдын 1-январынан тартып таштандыларды ташып төгүү тарифи киши башына 10 сомго көбөйтүлдү. Ошол эле учурда каттоодо турган шаардыктардын саны 800 миң, ал эми иш жүзүндө 1 миллиондон эбак эле ашып кеткен. Ошондо шаар тургундарынын 40 пайызы гана өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да таштандыга акы төлөп келе жатат.

“Дело №...” гезити “Эмне үчүн депутаттарга пистолет керек?” деген макала жарыялап, ал боюнча парламентарийлердин өзүлөрүнө кайрылганда, Рашид Тагаев, “мен курал алып жүрүүгө караманча каршымын, эгер кылмыштуу иштерге аралашпаса, таза болсо анда ал депутатка курал алып жүрүүнүн кандай зарылдыгы бар” десе, Роза Отунбаева, Зайнидин Курманов, Бакыт Бешимов “депутаттарга курал алып жүрүүнүн эч кандай кереги жок” деп жооп беришкен.

Депутат Алишер Мамасалиев болсо, убагында Советтик армияда кызмат өтөгөнүн, керек болсо пистолет тургай автомат да ата аларын, депутат деген саясый фигура болгондуктан курал алып жүрсө болорун айткан.

Ушул эле гезит орус политологу Леонид Ивашовдун интервьюсун басты. Гезит ага “өткөндө Кыргызстандын каржы министри Орусия Кантта жайгашкан аскер базасы үчүн бир тыйын да төлөбөйт деп айтты, сиз буга кандай дээр элеңиз?” деп берген суроосуна Ивашов мырза, бул аскер базасы ким үчүн көбүрөөк керек, Орусия үчүнбү же Кыргызстан үчүнбү деп суроо коюп, 90-жылдардын башында эле кыргыз аскер күчтөрү орус авиациясын кыргыз жергесине жайгаштыруу керек деген маселени коюп чыгышкан. Аскерий көз караштан алганда Кыргызстанга мындай аскер базасынын эч кандай кереги деле жок болучу. Кокус аскер база саясатчылар үчүн керек болсо, анда анын акчасын ошол саясатчылар төлөсүн, ал эми каржы министринин жогоруда айткандары суу кечпеген кеп, анткени мурдагы СССР өлкөлөрүнүн каржы министрлери мезгил-мезгили менен ушинтип чыга калып, орус аскер базасы акча төлөбөйт деп Американын алдында актанып турганды жакшы көрүшөт, анткени алар ошол Батыштагы эл аралык финансы уюмдарына көп жагынан көз каранды деп айтты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG