-Табылды мырза, Коомдук парламенттин негизги максатына токтоло кетсеңиз
- Коомдук парламентти 16-декабрдагы шайлоодон кийин түзүү идеясы пайда болгон. Себеби өзүңүздөр билгендей, шайлоо өтө ыплас жана булганыч өтүп, “Ата Мекен” партиясынын добуштары уурдалып, көп партиялар шайлоого катышуу укугунан ажырады. Ошондон кийин партиялар, саясатчылар чогулуп, кандай кеңешти. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө Коомдук парламенттер бар экен. Ошолордун негизинде биз дагы Кыргызстандын Коомдук парламентин түзүп, ошол аркылуу аракеттенсек деген ой келип, ошону менен иштеп жатабыз. Бүгүн анын биринчи отуруму болот.
-Бүгүнкү отурумда кайсы маселелер каралышы күтүлүүдө?
- Биринчи отурумдун алгачкы бөлүгүндө уюштуруу маселелери, төраганы, анын орун басарларын шайлоо жана башка маселелер каралат. Экинчи бөлүгүндө болсо, энергетика тармагы боюнча маселе каралат. Азыр бул тармакты менчиктештирүү маселеси өтө чоң талаш-тартыштарды жаратып жатпайбы.
-Өзүңүз айткандай, энергетика маселеси каралат экен. Коомдук парламентте кайсы бир маселе боюнча чечимдер кандай кабыл алынат? Сиздер жөн гана сунуштарыңыздарды айтасыздарбы?
- Ооба, биздин парламентке келген ар бир партия, коомдук уюм жана саясатчылар өздөрүнүн оюн айтып, кайсы бир маселени чечүү үчүн эффективдүү жолун таап, кол көтөрүү жана добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алабыз. Ал маселелер массалык маалымат каражаттары аркылуу сөзсүз коомчулукка билдирилет жана өкмөткө дагы жөнөтүлөт.
-Ушул кабыл алынган чечимдерди расмий бийлик кабыл алат деп ойлойсузбу?
- Мен ойлойм, кабыл алышы керек деп. Анткени буга чейин деле он тогуз партиядан турган саясий партиялардын парламенти болгон. Өткөн Жогорку Кеңеш менен биз ошондой иштешип келгенбиз. Көп сунуштарыбызды кабыл алчу.
-Сиз айтып жатасыз, чечимдерди кабыл алышы керек деп. Ошентсе дагы бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров Коомдук парламентти мыйзамсыз деп атады. Анда сиздер чыгарган чечим дагы мыйзамсыз деп эсептелип калбайбы?
- Жок, коомчулукка билингенден кийин тескерисинче, коомго ушул өкмөттүн жана парламенттин жүзү көрүнөт. “Бул парламент мындай кылып жаткан экен, тиги парламент өз кызыкчылыгын ойлоп мындай кылып жатат” деп билинет. Ал эми Адахан Мадумаровдун бул парламентти мыйзамсыз дегени баары бир көп деле мааниге ээ эмес. Анткени Адахан Мадумаров өзү отурган кресло дагы мыйзамсыз да. Ал булганыч жана ыплас жол менен келди.
-Маегиңизге ырахмат.