Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

«КӨГҮЛТҮР ОТТОЙ ЖАНАМЫН, ЭЙ…»


2-февралда орусиялык “Газпром” ачык акционердик коомунун жетекчиси А.Миллерге Кыргызстандын түштүгүндөгү эки жерге газ кен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат кагазы тапшырылды. Орусиялык компания кен чалгындоого даярдык көрүүгө 27 миллион рубль акча сарптаганы маалымдалууда. А.Миллер Кыргызстан аймагынан “көгүлтүр отун” издөөгө “Газпром” 300 миллион доллар бөлө тургандыгын билдирди.

Адистердин баамында, Кыргызстан калкынын “көгүлтүр отунга” муктаждыгы 300 миллион кубометрге жетпеген өлчөмдү түзөт. Аны өлкөнүн өзүнөн деле өндүрүп алышка болоруна көзү жеткен кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери орусиялык “Газпром” ачык акционердик коому менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келаткан.

20-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келген орус компаниясынын жетекчиси Алексей Миллерге өкмөт башчы Игорь Чудинов эки аймакта кен чалгындоо иштерине уруксат кагазын тапшырды.

Өткөн жылдын 2-майында кыргыз өкмөт менен орусиялык компаниянын ортосунда кен чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлган.

- “Газпромго” биздин түштүктө кен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Айрым иштер, мамлекет ичинде жасалчу негизги жөрөлгөлөр жасалды,- деп маалымдады Игорь Чудинов.

Кыргызстандын өкмөт башчысы “Газпром” жалаң кен чалгындоо иштерине эле 300 миллион доллар жумшоого киришип жатканын билдирип, буга чейинки даярдык иштерине 27 миллион рубль орус акчасы кириштелгенин кабарлады. Кен чалгындоо иштери менен биргеликте “Майлысуу – 4” газ сактоочту калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлмөкчү.

Игорь Чудинов ушу тапта “Кыргызгаз”, “Кыргызнефтегаз” акционердик коомдорун менчиктештирүү программасы иштелип жатканын маалым кылды. Жогорку Кеңеш кароосунан өткөндөн кийин мамлекет колундагы эки газ ишканасы жеке колго өтүп калышы ыктымал. Ал экөөнүн менчиктештирилишине орусиялык “Газпром” ачык акционердик коому кызыкдар экени да белгиленди.

- Республиканын отун-сууга керектөөсүн камсыз кылуу милдети эң негизги тапшырмалардын бири. Бул газ менен мунайга тиешелүү. Газ өндүрүүнүн көлөмү ички керектөөнү кандыруу жагынан алганда салыштырмалуу аз экенин билебиз. Анан да газдын коңшу республикадан кандай келип жатканын да жакшы билебиз.

Орусиялык компания болжолдоп жаткан 300 миллион кубометр газ жыл бою Кыргызстандын өзүнөн чыгып турса деле ал өлкөнүн “көгүлтүр отунга” керектөөсүн толук канааттандыра албайт. Бирок да мына ушул өлчөмдөгү газ Көгарт менен Майлысуудан чыгып калса жалпы Кыргызстан калкы “көгүлтүр отун” сурап коңшуларга көз каранды болуштан калар эле.

- Баалар такай өсүп баратат. Албетте, республиканын өзүнүн отун-суусу болсо баа саясатын башкаларсыз эле аныктайт. Ушул ыңгайдан алганда кен чалгындоо иштеринин башталышы, өлкөнүн өзүнө жетишерлик отун камдап алышы баарынан маанилүү милдеттеринен болуп саналат. “Газпромдун” иши жалаң эле кен чалгындоо менен чектелбейт. Менчиктештирүү, атап айтканда, “Кыргызгаз” менен “Кыргызнефтегазды” жеке колго берүү боюнча программага катышуубуз жөнүндөгү кыргыз жетекчилеринин сунушун да карап көрөбүз,- деп айтты А.Миллер.

Кыргыз өкмөтү менен орусиялык компания 2006-жылы газ боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Өткөн жылдын 2-майында болсо газ кен чалгындоо иштери тууралуу келишимге кол коюлган. Кийинки эки жылда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда энергетикалык кызматташтык кадыресе жанданып, “Камбарата – 1“ ГЭСинин курулушуна орусиялык РАО ЕЭС компаниясы, газ, мунай тармагындагы кен чалгындоо иштерине “Газпром” ачык акционердик коому киришүүдө. Бирок да кыйладан бери илгери үмүт, изги тилек катары айтылып келаткан андай кызматташтыктын натыйжасы азырынча көрүнө элек.

XS
SM
MD
LG