Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

КООМДУК ПАРЛАМЕНТ ИШИН БАШТАДЫ (Cүрөт баян)


Кыргызстанда оппозициялык күчтөр тарабынан түзүлгөн коомдук парламент ишин баштап, бүгүн алгачкы отурумун өткөрдү. Жыйында алгач уюштуруу иштери каралып, коомдук парламенттин төрагасы жана орун басары шайланды. Андан соң энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси талкууланып, бир канча талаптар коюлган резолюция кабыл алынды.



Саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн жана коомдук-саясий ишмерлерден куралган коомдук парламенттин курамы 50 мүчөдөн турат. Алардын катарында оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров жана Абдыганы Эркебаев, Мирослав Ниязов, Аликбек Жекшенкулов баштаган коомдук-саясий ишмерлер бар.



Жыйында коомдук парламентти уюштуруп жаткан «Акыйкат үчүн» кыймылынын жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов ачып, алгачкы отурумга 50мүчөнүн 47си катышып жатканын жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, байкоочулар чакырылганын жарыялады.

Коомдук парламенттин жобосу жана регламенти, абийир кодекси кабыл алынган соң төрагалыкка Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы, «Таза коом» партиясынын жетекчиси Абдыганы Эркебаевдин талапкерлиги сунушталды.

Парламент мүчөлөрү бул талапкерди колдоп, анын орун басарлыгына «Интербилим» коомдук уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева шайланды. Төрагалыкка шайланган соң Абдыганы Эркебаев ишеним көрсөтүлгөнүнө ыраазычылык билдирүү менен коомдук парламенттин түзүлүш себептерине токтолуп, анын баш мыйзамга каршы келбестигин белгиледи.



«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да азыркыдай шартта мындай уюмдун түзүлүшү зарыл деп эсептейт.

- Коомдук парламент альтернативдүү талкуу жүргүзүп, альтернативдүү ой-пикирлерди, сунуштарды чыгарган аянтча болуп калаарына ишенебиз. Бул бүгүнкү күндө абдан зарыл. Анткени мыйзам чыгаруу бийлиги монополияда болгондо, мамлекеттик ММК чындыкты элге жетикрбей жатканда, ачык, демократиялуу мындай уюм коомчулукка керек.

Коомдук парламенттин дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаров бул уюм өлкөдөгү окуяларга баа берип тураарын айтат.

- Биздин максат – Кыргызстандагы бардык жараяндарга коомдук баа берип туруш. Болуп аткан окуяларга же «Ак жол» партиясынын чечимдерине карата өз пикирибизди билдирип, элге жеткирип туруу милдетибиз деп эсептейбиз.

Төрага Абдыганы Эркебаевдин айтымында, эми коомдук парламенттин чечимдери, сунуштары коомчулукка жарыяланып, расмий бийликке да жиберилип турмакчы. «Жиберип эле тим болбой, мына биз оюбузду айттык, позициябызды билдирдик, сиздер кандай дейсиздер, жооп бериңиздер деп сурап да турабыз», - дейт төрага.



Ошол эле учурда коомчулукта мындай уюмдун түзүлүшүнүн мыйзамдулуугу боюнча да талаштар жок эмес. Маселен, юстиция министри Марат Кайыпов коомдук парламенттин ишин мыйзамсыз деп эсептейт:

- Бул коомдук-саясий уюм болуп атат. Демек мындай уюмдардын баары адилет министрлигинен каттоодон өтүш керек. Булар катталмак тургай ушуга дейре докментин бере элек. Демек мыйзамсыз уюм, мамлекеттик органдарга окшош органдарды түзүү – ошол мамлекеттик органдын бийлик укугун талашкандыкка жатат.

Өмүрбек Текебаев болсо министрдин мындай пикирине макул эмес. Анын пикиринде, коомдук уюм формалдуу жана формалдуу эмес түрүндө түзүлүшү мүмкүн. «Эгерде юридикалык жактын укугуна ээ болуп, өзүбүздүн эсеп-кысабыбыз болсун десек, анда министр Кайыпов айткан жол менен барышыбыз керек. Адамдар жолукканга, өз позициясын аныктаганга, талкууланга биздин конституция укук берет. Азырынча бул мына ушундай туруктуу, формалдуу эмес уюм»,- дейт Өмүрбек Текебаев.

Ошентип коомдук парламент алгачкы отурумунда энергетика тармагындагы абал талкууланып, бул тармак менчиктештирилсе өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч келтирилээри айтылды. Жыйын соңунда резолюция кабыл алынып, “Түндүк электро”, Бишкек ТЭЦи жана Бишкек жылуулук тармагы менчикке берилбесин, энергетика тармагына байланышкан бардык чечимдер тиешелүү адистердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык кабыл алынууга жана бийлик органдары, депутаттар жарандардын социалдык-экономикалык укугун сактоого тийиш деген талаптар коюлду.

Коомдук парламентте ошондой эле экономикалык, социалдык-гуманитардык жана коопсуздук маселелери боюнча үч комиссия түзүлмөкчү. Мындан сырткары фракциялар да түзүлөт, азырынча бул уюмда 15 мүчөдөн турган жаштар фракциясы гана бар. Коомдук парламенттин экинчи отуруму март айына белгиленүүдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG