Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

КЫРГЫЗ-ИРАН МАМИЛЕСИНДЕ КЫЗМАТТАШУУ ИЛХАМЫ АЧЫЛАБЫ?


Бүгүн Кыргызстанга Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки расмий сапар менен келет. Ал Бишкекте Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Иран министрин кыргыз жетекчилиги да кабыл алмакчы.

Иран министринин Кыргызстанга сапары эки күнгө созулат. Сапардын алгачкы күнүндө Манучехр Моттаки Эднан Карабаев менен сүйлөшүүлөр өткөрөт. Андан кийин президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Игорь Чудиновдун кабыл алуусунда болмокчу.

Сапардын экинчи күнүндө, 22-февралда Иран тышкы иштер министри Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун кабыл алуусунда болот. Ошондой эле ал кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тарабынын жетекчиси каржы министри Тажикан Калимбетова менен жолугушат.

Тышкы иштер министринин Иран боюнча жооптуу кызматкери Турдакун Сыдыковдун билдирүүсүнө караганда, сапар учурундагы сүйлөшүүлөрдө экономикалык багытта кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылык берилет:

-Эки тарап укуктук жааттагы эки келишимдин ратификациялык грамоталарын алмашуу боюнча протоколго кол коет. Албетте сапардын учурунда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар каралат. Эң негизгиси эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Сыдыковдун маалыматы боюнча эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2007-жылдын 11 айында мурунку жылга салыштырмалуу 2.8% ашуунга өсүп, жалпы көлөмү 14.5 миллион долларга жетти.

Кыргыз тарап Иранга электр лампаларын сатып, ал жактан өсүмдүк май, битум алууну көздөөдө.

Ирандын Кыргызстандагы элчиси Мухамед Реза Сабуринин билдирүүсүнө караганда, эки өлкө соода-экономикалык багытта кызматташууну өнүктүрүү боюнча Манучехр Моттакинин мына ушул сапары учурунда кенен сүйлөшүү жүргүзө алат.

Кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстан Ирандан инвестиция тартууга аракеттенсе туура болот. Маселен, Тегеран Тажикстандагы ГЭСтерди курууну каржылап жатат. Алардын Камбарата ГЭСтерин курууга өзүнүн үлүшү менен кошулууга да мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан Ирандын инвестициялык потенциалы Кыргызстанга кызыктуу дейт Молдалиев:

-Биз инвестициянын багыттарын карап көрсөк болот. Ушул жагын жакшы иликтешибиз керек. Анан эмбарго бар деп эле кылчактай бергенден пайда жок. Бул өлкө технолгияларды өркүндөтүп-өздөштүрүү үчүн катуу аракеттенип жатат. Илимий жол менен прогресске жетели деген аракеттери чоң. Бул жагынан потенциалы чоң.

Иран Шанхай кызматташуу уюмуна кирүүгө кызыкдар өлкөлөрдүн бири. Бул жагынан Ирандын Кыргызстанга кылчактай турган жагы бар. Анткени ШКУга кирүү үчүн ага мүчө өлкөлөрдүн макулдугу керек. Ошондуктан Иран үчүн Бишкек маанилүү өнөктөш болуп турат.

Бирок эки өлкөнүн тил жагынан жакын эместиги, диний жактан суннит жана шиит болуп кеткендиги, Иранга эл аралык санкция киргизилгени кызматташуулардын өрчүп кетүүсүнө терс таасирин тийгизген жагдай болуп келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG