Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:46

Армениядагы президенттик шайлоо көп жагынан эл аралык стандарттарга ылайык өттү


Бул тууралуу бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Армениядагы кечээги шайлоого көзөмөл салган байкоочулары билдирди. Бирок ЕККУ байкоочулары белгилегендей, алдыда дагы бир катар кемчиликтерди жоюу талап кылынат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жарыясына караганда, премьер- министр Серж Саркисян шайлоонун биринчи айлампасынан эле жеңишке жетишти. Комиссия өкүлүнүн айтымында, бюллетендердин баары саналып бүткөндөн кийинки маалымат боюнча Саркисян 52,9% добуш алган. Ал эми анын башкы атаандашы, мурдагы президент Левон Тер-Петросян 21,5% добуш топтоду. Армян оппозициясы кечээ шайлоо бекеттери жабыла электе эле добуштар бурмаланып жатканынын айтып, колдоочуларын нааразылык билдирүүгө чакырган. Бүгүн кечкиге белгиленген демонстранцияны утурлай учурда Еревандын борбордук аянтында оппозициянын бир нече миң жактоочусу чогулганы кабарларды.

XS
SM
MD
LG