Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

КУБАДА БИР ДООР АЯКТАДЫ, БИРОК КАСТРО КЕТКЕН ЖОК


Фидель Кастро Кубанын президенти кызматын өткөрүп берээрин жарыялап, кантсе да бир доорду жапкандай эле болду. Жаңы доор кандай болот? Же анын кандай болоорун ким чечет? “Азаттыктын” кабарчысы Эндрю Талли тышкы иштер боюнча Вашингтондук серепчилердин пикирине кызыккан.

Фидель Кастро 2006-жылдын июль айында ичегисине операция жасаткандан бери Кубаны анын бир тууган иниси Рауль Кастро башкарып келатат. Маалымат каражаттары оорудан алсырап-азый түшкөн Фиделди бир нече жолу көрсөткөнү менен, Кубанын башкы саясий багыттары дале анын катаал көзөмөлү астында кала берди.

Маселен, Рауль Кастро Кубадагы коммунисттик бекем түзүлүштү бир аз либералдаштырып, АКШ менен алакаларды оңдоп, чет элдик соодага жол ачат деп күтүлгөн эле. Андай болгон жок, анткени ал агасы Фиделдин айтканын гана аткарып келди.

Эми 81 жаштагы Фидель Кастро бийлигин ырасмий түрдө өткөрүп берген соң, 76 жаштагы инисине Кубаны өзү билгендей башкаруусуна уруксат береби? – деген суроого Вашингтондогу тышкы саясат жана коопсуздук маселелерин изилдеген Heritage, же Мурас корунун эксперти Жим Филипс төмөнкүдөй жооп узатат.

- Эки бир туугандын ортосунда идеологиялык айырмачылык бар деп ойлойм, бирок кан деген кан да, идеологияны жеңип кетет. Менимче, Фидель Кастро иш жүзүндө бийликтен баш тартпайт, ал өзү деле Коммунисттик партия лидери болуп кала берем деп айтпадыбы, ал жерде баарын өкмөт эмес, партия чечет да. Рауль Кастро жөн гана орунду бош калтырбай ээлеп турган адам, анткени Фидель ага ишенет, кантсе да каны бир да.

Филипстин айтымында, мурдагы советтик республикаларда бийликти каны бир адамга өткөрүп берүү – тааныш көрүнүш. Анын эми Кубада кайталанып жатканына таң калбай эле койсо болот.

АКШлык дагы бир эксперт, бүткүл ааламдык иштер боюнча Кеңештин директору Ларри Бөрнс Кубанын саясатын башка жакка бурууга азыр экономикалык өбөлгө жок экенине көңүл бурат.

- Кубанын экономикасы азыр дурус абалда, Рауль Кастрого бул жагынан көз артса да болот. Анткени ал азыркы экономикалык көрсөткүчтөрдү андан ары элдин турмушун жакшыртуу жагына буруп кетсе болот. Эгерде бул иш анын колунан келсе, элдин көбү жаңы бийликке түз көз карашта болушу ыктымал.

Анда келечекте Фидель Кастронун ролу кандай болот? – деген суроого Ларри Бөрнстүн жообу:

- Фидель Кастро тегерегиндегилер урматтап-кадырлаган, элдин баары окуп чыгууга милдеттүү бир китептерди жазган улгайган карыяга айланат ко. Албетте, күнүмдүк көрүнүштөрдөн алганда, бул бир чоң доордун аякташы. Көп нерсе өзгөрүп кетпейт, Кастронун доорундагы мамлекеттик башкы органдар ошол бойдон калат, өзгөрүүлөр бара-бара күчөшү мүмкүн.

Вашингтондук эки эксперт тең кантсе да, Фидель Кастронун дагы бир маанилүү ролу башкага өтөөрүнөн күмөн санашпайт. Тактап айтканда, алсырап калган эски коммунист лидердин Латын Америкадагы АКШнын башкы касташы ролу Венесуэланын күчкө толуп ташып турган президенти Уго Чавеске өтөт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG