-Молдомуса мырза, айылдык милиция кызматына көңүл бөлүү керек деп атпайсызбы, ошону чечмелеп берсеңиз, кандай болот?
-Участкалык инспектордун штаттары жетишпейт. Мына бир район боюнча 32 мектеп болсо, ага болгону 2 жаш өспүрүмдөр инспектору бар. Мындай иш такыр болбойт. Мен өзүм чыгып изилдегениме ошол себеп болуп атат. Бүгүнкү бирден-бир коюп аткан талап, коомдук тартип, участковыйлардын жумуш жана жаш өспүрүмдөр менен болгон иш.
-ГАИ кызматы да жетишпейт, ошол авария болгон машинени алып кете турган техникалар да жетишпейби?
-ГАИ жетишпейт дегенге мен макул эмесмин. Себеби ар бир райондук биздин бөлүмдөрдө жетиштүү кызматкерлер бар. Жаз келгенге карата мен ойлойм, башка иш пландарды түзөбүз дагы, трасса боюнча башкача бир иш алып барабыз.
-Автозак жок да менин билишимче облуста. Азыр эле ИВСке кирип чыктыңыз, убактылуу камак жайлары кандай абалда экен, жакшырабы?
- Мен кирип ар бири менен сүйлөшүп чыктым, алардан эч кандай арыз түшкөн жок. Жалгыз гана проблема автозак боюнча. Буларды конвойер кеткени атайын машине керек. Ошол машинен үстүнөн мен иштейм деген. Чоң автозак түзүп туруп, ар бир районду график менен ташый турган кылышыбыз керек.
-Паспорт маселесине абдан кызыгып сүйлөштүңүз, эми бул тездейби?
-Бул маселелерди мен барып эле чечем. Себеби бир эле кызматкер бир районго бул жетишпестик. Жетекчилер буларды жакшы караган эмес болсо керек. Ар бир айыл өкмөткө ар айда бир күндөн паспорт столдор чыгып, ошол жерде жеринен элди тейлеш керек.
-Маегиңизге ырахмат.
Көлдүн тескейинен күнгөйүнө чейин түрө кыдырган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев андан аркы иш сапарын түз эле Нарын өрөөнүнө улаганын басма сөз кызматкери Олжобай Казакбаев маалымдады.