АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон Маккормак серб бийлигин кырдаалды көзөмөлдөөгө чакырды.
Жалпы элдик демонстрацияны бийликтер уюштурууда, ага катышууну каалагандарды бийлик бүгүн поезд, автобус жана башка унаа менен Белградга акысыз ташыды. Мектеп окуучулары да бир күнгө сабактан бошотулду.
Белграддагы демонстрацияга чогулган эл алдында өлкөнүн премьер-министри Воислав Коштуница буларды айтты:
- Косоводогу биздин биртуугандарыбыз жалгыз эмес жана аларды эч ким унутта калтырган жок. Канчалык биз ультиматумдарды четке кагып жана өзүбүздүн досторубузга кучак жайсак, ошончолук Сербия эркин. Биз берилгендигибизди дагы бекемдедик. Биздин сөзүбүздү жалпы дүйнө жүзү укту. Сербиянын сөзү канчалык туруктуу экени жалпыга маалым. Косово – бул Сербия!
Ушул эле күнү серб президенти Борис Тадич иш сапары менен Румынияда болду. Румыния Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тарткан Евробиримдиктин саналуу өлкөлөрүнүн бири.
Бүгүн кечинде АКШнын элчилигинин имаратынан тышкары Хорватиянын элчилиги жана бир “Макдональдс” рестораны кыжырланган айрым демонстранттардын чабуулуна кабылганы маалымдалууда.
Айрым жерлерде демонстранттар менен полициянын кагылышуусу болуп, бери дегенде 30 киши жаракат алган. Алардын ичинде полиция кызматкерлери да бар. Жергиликтүү сыналгы каналдарынын кабарларына ылайык, Белградда айрым демонстранттар тобуна каршы серб полициясы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.