Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

БЕЛГРАДДАГЫ МИТИНГ ТЫНЧ ТАРАГАН ЖОК


Бейшембиде Белградда Косовонун көз карандысыздыгына каршы митингге жүз миңден ашуун адам чогулду. Сербиянын өкмөтү уюштурган акцияга өлкөнүн ар башка жагынан кишилер бекер поезд, автобустар менен алынып келинди, бул күнү өлкөдө мектептер жабык турду. Кечке жуук башталган митинг негизинен тынч өтүп жаткан чакта демонстранттардын чакан тобу караңгы жамына АКШнын Белграддагы элчилигине чабуул койду.

Белграддын борборунда кечке жуук башталган митингге өлкөнүн ар башка жагынан агылып келген жүз миңдеген адамдар: “АКШнын террорун токтоткула!”, “Косово биздики”, “Сербия Косовону бербейт” деген мазмундагы плакаттарды, Косовонун көз карандысыздыгын кабыл алуудан баш тарткан Орусия, Бразилия, Испания өңдүү өлкөлөрдүн желектерин көтөрүп турушту.

Сербиянын улуттук гимнин ырдоодон башталган митингде журтка таанымал саясатчы, коомдук, чыгармачыл ишмерлер чыгып сүйлөштү. Элге кайрылган сөзүндө Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница дүйнөдө бир да мамлекет өз аймагынын бир бөлүгүнөн ажырап калууга макул болбойт, биз тирүү турганда Косово Сербияга таандык бойдон калат деп белгиледи.

- Косоводогу биздин бир туугандарыбыз жалгыз эмес жана алар унутта калган жок. Биз ормон опузаны четке кагып, достук мамилелерди сактап турганда, Сербия эркин өлкө бойдон кала берет. Милдеттенмелер такталды, биздин үнүбүз бүткүл дүйнөгө угулду, сербдер сөзгө бекем экени жалпыга маалым. Косово деген Сербия! , – деп жыйынтыктады сөзүн премьер Коштуница.

Ар кандай булактардын маалыматы боюнча, 200 миңдей киши катышты деп кабарланган каршылык акциясы борбордук аянттан башкы чиркөө жакка көчүп, тынч уланып жаткан чакта, жүздөгөн жаш уландар караңгы жамына эл толкунунан бөлүнүп, АКШнын Белграддагы элчилигине кол салышты. Мындай чабуул болушу ыктымал деп күтүлгөн имарат эшик-терезелери сыртынан бекемделе кулпуланып, кайтаруусуз ээн калтырылган экен. Алеки заматта жаш демонстранттар тобу элчиликке өрт коюп, чатырдагы АКШ желегин кулатып, антиамерикалык ураандарды кыйкырып жатышты.

Белграддагы нааразылык акциясы башталаар алдында АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон МакКормак кырдаал алдын-ала талкууланып жатканын билдирген.

- Биз Сербиянын өкмөтү менен такай байланышта болуп, дипломатиялык мүлк-буюмдарды коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууга тийиштүү чаралар көрүлүшүн талкуулап жатабыз, - деген Вашингтондун өкүлү.

Ошентсе да, жүз миңдеген киши чогулган демонстрацияны караңгыда толук көзөмөлдөө кыйын ишке айланып, кечки саат 8ден өткөндө 30дан ашуун жарадар адам ооруканага жеткирилгени кабарланды. Ушул эле сааттарда Косовонун көз карандысыздыгын тааныган Түркия, Хорватиянын Белграддагы элчиликтерине да кол салуулар болгону, Босниялык сербдер да көчөгө чыгып, полиция менен кагылыша кеткени кабарланды. Сербия менен Косовонун чектеш аймактарында да чакан кагылышуулар болуп, машинелер өрттөлгөнү маалымдалды.

Бейшембиде Италия менен Эстония Европа Биримдигине мүчө көпчүлүк өлкөлөргө кошулуп, Косовонун көз карандысыздыгын таанырын жарыялашты, Испания, Грекия, Болгария, Румыния ага каршы чыккан өлкөлөр. Орусия менен Кытай Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай турганын кайталап келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG