Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

22-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


СССР эл чарбасынынын өнүгүшүн жалпы мамлекеттик планга салып, анын аткарылышын көзөмөлдөй турган союздук-республикалык Мамлекеттик пландоо комитети 1921-жылдын 22-февралында уюшулган. Кыргызстандагы 2005-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү «Чоң казаттын» башы сыяктуу коогалаң менен башталды.

СССР эл чарбасынынын өнүгүшүн жалпы мамлекеттик планга салып, анын аткарылышын көзөмөлдөй турган союздук-республикалык Мамлекеттик пландоо комитети 1921-жылдын 22-февралында уюшулган. Мамлекеттик пландоо комитети РСФСР Элдик комиссарлар Кеңешинин декретине ылайык уюшулуп, комитет союздук экономиканы планга ылайык өнүгүүгө ыңгайлаштырган. Аталган комитеттин ишмердигине жараша өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүшү жана өнөр жайларынын орун алышы, интеграциялык мамиле сыяктуу мааанилүү экономикалык маселелер чечилген. Мамлекеттик пландоо комитетинде А. Д. Кржижановский, В. В. Куйбышев, А. Н. Косыгин сыяктуу көрүнүктүү коомдук ишмерлер эмгектенген.

Инсан өнүгүүсү, коомдук аракет жана жакырчылыкты жоюга арналган форум 2003-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында өткөрүлдү. Форумда сүйлөгөн мамлекет башчысы Аскар Акаев Кыргызстанда жакырчылык 10%га кыскаргандыгын, тактап айтканда 300 миң адам жакырчылыктан кутулгандыгын белгиледи. Анын айтымында, 2002-жылы 75 миң үй-бүлөгө 1 миллиард 100 миллион сомдук чакан кредит берилген. Форумга бийлик бутактары, бейөкмөт уюмдардын жана улуттук биримдиктердин өкүлдөрү катышып, өткөн жылы белгиленген өнүгүү багыт планына жана анын аткарылыш өңүтүнө баа берилди.


Кыргызстандагы 2005-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү чоң казаттын башы сыяктуу коогалаң менен башталды. Ар күнү өлкөнүн булуң-бурчтарынан фронттук билдирүүлөрдөй-митинг, демонстрациялар, басып алуулар, жолду бууду,-деген кабарлар түшүп турду. Мына ушундай коогалаң 2005-жылдын 22-февралында Тоң районунун Бөкөнбаев айлында башталды. № 75-Тоң шайлоо округунан талапкердигин койгон Арслан Малиевдин шайлоо өнөктүгүнөн четтетилишине нааразы болгон беш жүз чамалуу адам массалык митинг өткөрүштү.

Ушул эле күнү № 71-шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Садыр Жапаровдун эки миң чамалуу жактоочусу Түп-Каракол, Каракол-Бишкек автожолун тосуп, көчөнүн так ортосуна чатыр тигишти.

Кочкор райондук сотунун 2005-жылдын 22-февралындагы Бейшенбек Болотбеков менен Акылбек Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнөн четтетилишине нааразы болгон он миң чамалуу адам Кочкор-Бишкек жолун тосуп, боз үй жана чатырларды тигип алышты.

Бишкек шаарында орун алган күңкорсуз Басма үйү 2005-жылдын 22-февралында электр жарыгы жок иши токтоду.

Бу күнү, 1732-жылы АКШнын биринчи президенти Джордж Вашингтон, атактуу немец композитору Карл Вагнер, 1788-жылы немец философу Артур Шопенгауэр жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG