Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

АЖЫЛЫКТЫ УЮШТУРУУДАГЫ КАТАЛАР ТАЛКУУГА АЛЫНДЫ


22-февраль күнү өкмөттө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Анда ажылыкты уюштурууда кетирилген бир катар кемчиликтер белгиленип, келечекте алардан кантип арылуу керектиги талкууланды.

Бул жыйында ажылыкты уюштурууну көз көрүнөө аксаткан “Исток Авиа” компаниясы катуу сынга алынды. Сынактан жеңип чыгып, зыяратчыларды Кыргызстандан түз Саударабстанга учактар менен ташый турган “Исток Авиа” компаниясы өз милдетин аткара албай, ал гана турсун акчасын саударабстандык фирмаларга алдырып ийип, ара жолдо калган.

Алигиче “Исток Авиа” Кыргызстандагы ажылыкты уюштуруучу үч туристтик уюмга – “Эл аралык ислам кызматташтык борборуна”, “Ибн-Сина” фирмасына жана “Сафар-Тур” фирмасына карыздарын толук кайтара элек. Жыйындын чечими боюнча, аталган аласа турфирмалар сотко кайрылмай болушту. Эми маселени сот териштирет.

Ысыккөл облусунун мусулмандар казысы Алмаз Сагындыков ажылыкты уюштуруунун соңку жыйыны отчёт иретинде эмес, жөнсалды талкуу иретинде өткөнүнө канааттанбай калган.
Бирок өткөн ажылык учурундагы бир гана авиа компания жана бир гана багыт-жол менен ажыга алпаруу чеги бул жыйында алынып салынганы аны ыраазы кылыптыр.

Кыргызстандын Саударабстандагы элчиси Жусупбек Шариповдун айтуусунда, Кыргызстандан Мекеге – ажылыкка баргандардын кеминде 10 пайызы толук ажы болуп кайтпайт. Анткени кээде зыяратчыларды алпарган туристтик фирмаларда ажылыктын шарттарын билгендер жок болуп чыгат.

Муфтий Мураталы ажы Жуманов мындай өкүнүчтүү окуяларга жол бербеш үчүн, эң оболу ажылыкты уюштурууга дин адамдарынын тартылышын шартташ үчүн ажылыкты уюштурууга байланышкан өкмөт токтомун өзгөртүү керек деп эсептейт:

Муфтий Мураталы ажы Жуманов жыйында паспорт маселесине токтолуп, буларды талап кылды:

- Кыргызстандын паспорту менен башка өлкөлөрдүн атуулдары ажыга барган фактылар азыр да бар. Тиешелүү органдар ушуну качанга чейин жашырышат? Эмне үчүн бул фирма же бул ажы башчы алпарган ааларды деп бетин ачпайт?

Ажылыкты уюштуруунун жыйынтыгын караган бул жыйында эч кандай документ кабыл алынган жок. Өкмөт токтомун өзгөртүш үчүн аны камсыздап, карай турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жагы гана белгиленди.
XS
SM
MD
LG