Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

САНАРИПТИК КАНАЛГА ӨТҮҮГӨ КЫРГЫЗСТАН АЗЫРЫНЧА ДАЯР ЭМЕС


Маектешкен Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Телеберүүлөрдүн жаңы технологиясына байланышкан демилгелер тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргызстандагы “Медиа өкүлчүлүк” институтунун директору Илим Карыпбеков жооп берди.

-Илим мырза, медиа эксперттер телеберүүлөрдү санарип ыкмасына, орусчасы “цифровое вещание” деп аталат экен, мына ушул жаңы технологияга өтүү демилгесин көтөрүп чыгып, терегек үстөлдө талкуулап жатышат. Бул ыкманын артыкчылыгы эмнеде болот?

-Бул ыкманын артыкчылыктары абдан көп. Биринчи кезекте сапат жагынан болот. Дегеле телеберүүнүн сапаты 2-3 эсеге жакшырмакчы. Эгерде биз санариптик системага, ыкмага өтсөк, мындан мүмкүнчүлүгү - жыштыктардын көбөйүшү. Азыр бизге жыштыктар жетишпегендиктен, телеберүү тармагында көп өнүгүү байкалбайт. Ошондуктан биз санариптик системага өтсөк, жыштыктар алда канча көп болот. Дегеле бизде телеберүүнүн өнүгүүсү андан дагы көп болот. Мындан тышкары, санариптик система менен бүткүл дүйнөлүк багыттагы телеберүүлөрдү Кыргызстандын ар аймагынан алып, каалаган каналды, каалаган телеберүүнү көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

-Илим мырза, демек бул теориялык жагынан алганда ушундай экен, ал эми иш жүзүндө кандай? Мисалы кесиптештерибиз, 5-каналдын жетекчиси Малеваная, көз карандысыз журналист Кулинский сыяктуу медиа адисттер 2012-жылдан баштап Кыргызстан өтүүгө даяр болуп калат деп болжолдоп жатышат. Канчалык деңгээлде ушул ыктымал? Кыргызстан буга даярбы? Мыйзамдыктык негиздери кандай?

- Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенменин негизинде, 2012-жылы биз дагы өтөбүз деген негизинде айтылып жатат. Бирок мен айтат элем, 2012-жылда дагы өткөнгө азыркы учурда шартыбыз жок. Себеби буга абдан көп негиздер керек. Буга мыйзамдык шарттар керек, материалдык базадан чоң каражаттарды талап кылат.

Андан тышкары, дегеле бул республика боюнча санариптик ыкмаларды киргизүү боюнча чоң стратегия жасап чыгыш керек. Ал боюнча Кыргызстанда такыр эч ким сөз көтөргөн жок. Сөз көтөрмөк түгүл ойлогон дагы жок. Мамлекеттик деңгээлде бул ишке ашырылбай келет. Ошондуктан эми 2012-жылда эле дароо өтүп ийүү деген абдан кыйын. Кийин эле өтпөсөк, 2012-жылы мүмкүн эмес.

-Менин түшүнгөнүмө караганда долбоор азырынча иштелип чыга элек экен. Бул эмнеге байланыштуу? Ушул санарипке өтүүгө канча каражат талап кылынат?

-Санариптик ыкмага өтүү үчүн Кыргызстандын бардык мамлекеттик телеберүүлөрүн өткөргөнгө аракет кылыш керек. Ошол эле УТРКны жана регионалдык мамлекеттик телеберүулөрдү. Бир эле регионалдык телеберүүнү алсак, миллион доллардын тегерегиндеги каражатты талап кылат. Бул абдан чоң талап. Бирок ошентсе дагы биз өтүүгө абдан муктаж болобуз. Себеби биздин кошуналарыбыз Казакстан жана Өзбекстан өтө баштаса, биз буга муктаж болобуз. Бирок ага убакыт жана акча каражаты керек. Мен ойлойм бул көп убакытта ишке ашат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG