Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

КМШ ЛИДЕРЛЕРИ ПУТИН МЕНЕН КОШТОШКОНУ КЕЛИШТИ


Москвада КМШ президенттеринин бейырасмий саммити өтүп жатат. Жыйында энергетика проблемалары жана таанылбаган республикалардын статусу тууралуу маселе башкы темалардан болот деп айтылууда.

Бүгүнкү жыйынга КМШлык он эки президенттин түгөл баары катышууда. Мындай активдүүлүккө эки жагдай себепчи болду. Биринчиден, бул Владимир Путин үчүн мамлекет башчылар деңгээлиндеги акыркы жыйын, эмдиги айда ал кызматын тапшырат. Айтмакчы, армян лидери Роберт Кочарян да президенттер саммитине соңку ирет катышууда.

Орус эксперти Алексей Михин бүгүнкү саммит салтанаттуу жыйын катары пландалган деп эсептейт. Анткени Путин КМШлык лидерлерге өзүнүн саясий мураскерин – Дмитрий Медведевди тааныштырат жана өнөктөштөрү менен ырасмий түрдө коштошот.

Деген менен жыйындын экинчи,алда канча олуттуу себеби да бар. Бул – Косовонун көз карандысыздыгы жана анын КМШдагы саясий салакалары. Москва бу маселе боюнча шериктеш өлкөлөрдүн баш-терисин өз көзү менен байкап көрүп, колдон келсе аларды кескин бир терс позицияга бириктиргенге аракет кылмакчы.

Косовону тааныгандан азери жана белорус бийликтери баш тартышты, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан да ушундай пикирин билдиришти. Азырынча Украина, Түркмөнстан жана Өзбекстан үн ката элек, Арменияда болсо Косового кошо Карабахты да тааныганга чакырган апаздар чыга баштады, бирок ырасмий Ереван демин ичине катып,күтүп жатат. Алардан айрымаланып,Грузия менен Молдова бу проблемада караманча терс пикирде турушат,анткени алардын өздөрүнүн “косовосу” бар.

Молдован президенти Владимир Воронин кечээ Путин менен жолугуп,бу маселени өзүнчө талкуулады. Айрым булактар ырасташкандай, Москва аны Днестр кылаасындагы проблемага Косовонун өнөгөсүн колдонбой тургандыгына ишендиришти. Ал эми Абхазия менен Түштүк Осетияга келгенде Кремл өкүлдөрү жагдай көп жагынан грузин президенти Михаил Саакашвилинин кадамдарына жараша болорун кыйытышты.

“Бу жагдай бүгүнкү саммиттин форматын биртке өзгөртүп, Абхазия менен Түштүк Осетия маселесин күн тартибине киргизди, - дейт Михин. – Ушундан улам Грузиянын ички проблемаларын чечкени келген Саакашвилиге жагымсыз бир катар суроолорго жооп бергенге туура келет”.

КМШлык президенттер саммитин утурлап Москвага абхаз жана түштүк осетин лидерлери да келишкен эле. Маалымат жыйынында алар шериктештикке кирген өлкөлөргө эки республиканын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен кайрылганы жатканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG