Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

БҮГҮН МЕКЕН САКЧЫЛАРЫНЫН МАЙРАМЫ


Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда өткөн мекен сакчыларынын майрамына арналган салтанаттуу жыйында өкмөт башчы Игорь Чудинов Куралдуу Күчтөрдүн офицерлерин, жоокерлерин куттуктап сөз сүйлөдү. Беш жылдан бери 23-февраль Мекен коргоочулардын күнү катары белгиленип келатат.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, учурда аскерге чакырылуучу 50-60 миңдей уландар бар. Ошонун ичинен ар жыл сайын 11-12 миң жигит иргелип тандалып алынат. Аскердик доктрина кабыл алынып, реформа болууда. Анда 2010-жылга чейин Кыргызстанда профессионалдык армия түзүү маселеси каралган. Кыргыз аскерлерине азырынча курал- жарак жетиштүү. Аскерлерде кийинки жылдары жаңылануу, байкалаарлык өзгөрүүлөр болууда.

Санкт-Петербургда жогорку аскердик саясый окуу жайын, Москвадагы ички иштер министрлигинин жогорку академиясын бүтүргөн 30 жыл аскер адиси караты кызмат өтөгөн запастагы полковник Токтогул Какчекеевдин айтымында учурда кыргыз аскеринин даярдыгы начар, кеңеш доорунан калган аскер техникалары сатылып, коррупция күчөгөн. Кыргыз армиясынын катарында жетекчилердин, чиновниктердин жана депутаттардын уулдары кызмат өтөбөйт, жардылардын армиясы.

- Кыргыз аскерлеринде азыр карапайым калктын арык уулдары кызмат кылууда. Жетекчи кызматкерлердин балдары аскерге чакырылбайт. Совет доорунан калган курал- жарактар эскирип иштен чыгып бүткөн. Жаңысын алууга чама жетпейт. Вертолеттордун көбүн эбак сатып жиберишкен. Кыргыз аскерлерине өкмөт ар тараптан жардам берүүсү керек,-дейт Токтогул Какчекеев.

Баткен окуясы (1999 - 2000) кыргыз аскерлери үчүн чоң сыноо болду. Кыргызстандык жоокерлер баскынчыларга сокку бергени менен чама-чаркы чакталуу экени көрүнүп калды. Мына ошол окуядан кийин Кыргыз аскерлерине көңүл буруу керектиги, материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылчылыгы айкын билинди.

23-февраль мурда Советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү эле.1918- жылы 23-февралда жаш советтик түзүлүштү германдык баскынчылардан коргоо үчүн ыктыярдуу адамдар Кызыл Армиянын катарына жазылып Мекенди коргоого аттанган. Ошол күндөн баштап СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып турган.

Кийин мурунку кеңеш курамына кирген мамлекеттердин көбүндө бул майрам белгиленбей калган. Ошентсе да, аскер кызматкерлери көнгөн адат боюнча бул күнү майрамдык маанайда жүрчү. Атуулдардын Мекенди сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо максатында Кыргыз өкмөтү токтом кабыл алып, 23-февраль Мекен сакчыларынын күнү катары аскер бөлүктөрүндө беш жылдан бери майрамдалып келүүдө.

Аскер кызматкерлеринин пикиринде аскерде кызмат өтөөнүн кадыр-баркы өсүп баратат. Аскер аба десант бөлүгүнүн улук лейтенанты Эдил Жаманбалаевдин пикиринде мекенди коргоо милдетин өтөө уландардын кийинки кызмат ишине да таасирин тийгизет:

-Эми мына улуттук белгилер тагыла баштады. Азыр эл аскер кызматына башкача карай баштады. Аскерде кызмат өтөгөндөр кызмат өтөбөгөндөргө караганда жумуштарга да тез, оңой алынып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG