Экс-премьер Наваз Шариф ырастагандай, Мусулман лигасындагы анын жамааты менен маркум Беназир Бхуттонун элдик партиясы биргелешип курама өкмөт түзүүнү чечишти. “Биргелешкен иш пландарыбызды макулдаштык, эки партия биригип борбордук өкмөттү эле эмес, провинциялардагы аткаруу бийликтерин да түзгөнү жатабыз”, - деп айтты Шариф маалымат жыйынында.
Анын бу сөздөрүн Бхуттонун күйөөсү,Пакистан элдик партиясынын жетекчиси Али Асиф Зардари бышыктады. “Биз бирге болууну, парламентте бирге иштөөнү чечтик. Алдыда демократия үчүн чоң күрөш турат, ошондуктан парламентти чыңдап, демократияны бекемдешибиз керек, өлкөнүн келечеги үчүн биргелешип иштөөгө тийишпиз”,- деди Зардари.
Эки партиянын коалициясына пуштундардын улуттук чакан тобу да кошулгусу келет. Муну аталган фракциянын түндүк-батыш чекара провинциясындагы лидери Афрасиаб Хаттак тастыктады.
Бхутто менен Шарифтин партиясы өткөн шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасындагы 272 орундун теңинен ашыгын – 153үн утуп алышкан эле. Аларга пуштундардын улуттук партиясы кошулса, үч фракциянын мандаты конституциялык көпчүлүккө чукулдап барат. Мындай абал аларга парламентте президентке каршы импичмент маселесин козгогонго толук мүмкүндүк берет.
Али Зардари менен Наваз Шариф башкаруучу жаңы коалиция президент Мушарраф менен кызматташпай турганын бышыкташты. Бирок ага импичмент жарыялоо ниети эки партиялуу коалициянын планында бар же жок экенин айтышпады. Алар адегенде өкмөт түзүшөрүн, андан соң жагдайга жараша иш кылышарын гана ырасташты. Ал эми жаңы коалицияга кошулууну көздөп жаткан пуштун улуттук партиясынын жетекчиси Хаттак шайлоонун жыйынтыктары чындыгында калктын Первез Мушаррафка каршы чыккан чечими болгонун, эгер элдин эркин урматтаса, анда ал бийликтен кеткенге камына бериши керектигин белгиледи.
Курама кабинетти ким жетектери азырынча белгисиз. Бирок кандай болгон күндө да жаңы өкмөт менен Мушаррафтын мамилеси кыйын болору калетсиз. Мушарраф өз эрки же кандайдыр бир башка себептер менен бийликтен кеткенге азырынча ниети жоктугун ачык эскертти.