Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ИРАНГА КАРШЫ САНКЦИЯЛАР КАЙРАДАН БУУнун КҮН ТАРТИБИНДЕ


Кошмо Штаттар Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин жаңы доклады Иранга каршы кезектеги санкцияларды киргизүү канчалык зарыл экенин көргөзөт деп эсептейт. Ошол эле маалда Тегеран бул докладды өзүнүн жеңиши катары кабыл алды. МАГАТЭнин соңку докладында Иран өзүнүн ядролук программасына байланыштуу айрым орчундуу суроолорго тийиштүү жооп бере алган жок деп айтылат. Документ Улуттар уюмунда Тегеранга каршы жаңы санкциялар талкууланаар алдында жарыяланды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин соңку доклады Улуттар уюму Иранга каршы 3-жолку санкциялар кабыл алышына негиз боло алат деп билдирди.

- Бул доклад Ирандыктар өткөндөгү айрым ишмердигин жаап-жашырууга канчалык аракет кылса да, ушу тапта көрүлүп жаткан аракеттерин, мурдагы иштерине байланыштуу суроолорду, Иран келечекте ядролук курал жасоого жетиштүү технологияларды өнүктүрүшү мүмкүн деген баарыбыздын тынчсыздануубузду эске алганда – мунун баары жетишсиз экенин айгинелейт. Ошондуктан Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жаңы резолюция кабыл алышына жакшы себеп боло алат.


Кондолиза Райс жума күнү МАГАТЭнин Иран кооптуу бомба даярдап жаткан жок деп кепилдик бере албайбыз деген билдирүүсүнө удаа Вашингтондо кабарчылар менен жолугуп, ушундай пикирин айтты.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик өз докладында Улуттар уюмунун талаптарын эске албай, Тегеран уранды байытуу иштерин улантып, андан сырткары ал жараянды ыкчамдатыш үчүн центрифугалардын иштөө ылдамдыгын тездетүүнү да сындап көргөнүн баяндайт.

МАГАТЭ ошентсе да, Ирандын бийликтерине мурда барууга мүмкүн болбогон айрым жайларга эл аралык инспекторлорду киргизгени үчүн ыраазычылык билдирет. Венада жаңы доклад жарыяланган күнү МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед Эл-Барадейи маселе өтө олуттуу экенине басым жасады.

- Мен кантсе да кошумчалай кетишим керек, Ирандын ядролук программасы курал-жарак өндүрүү иши менен кандайдыр байланышы бар деп айтууга негиз тапкан жокпуз. Бул бизди кубандырат, бирок Ирандын ядролук программасынын жаратылышы кандай экенин так, даана билмейинче бул өтө олуттуу маселе бойдон кала берет.

Аңгыча Тегеранда өлкөнүн ядролук программасы боюнча жооптуу өкүлү Саед Жалили МАГАТЭнин доклады Иранга каршы айыптоолор таптакыр негизсиз экенин айгинеледи деген билдирүү жасады.

- Эл аралык агенттиктин доклады Иран Ислам республикасынын өзүнүн ядролук программасы тууралуу буга чейин айып келгендери толугу менен чындык экенин бышыктайт. Мен Иран элин көптөн бери көрсөтүп келаткан каршылыгынын жемиши болгон улуттук жеңиши менен куттуктайм.

Дүйшөмбүдө Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө жана Германиянын элчилери Вашингтондо чогулуп, МАГАТЭнин жаңы докладын талкууламакчы. Аны утурлай, бейшембиде Франция менен Британия Иранга каршы 3-жолку санкциялар долбоорун сунуштады, анын алгачкы вариантын өткөн айда АКШ, Орусия, Кытай жана Германия жактырышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG