Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

И.МАСАЛИЕВ: ВЕНАДА КОСОВО БОЮНЧА КАРАМА-КАРШЫ ПИКИРЛЕР АЙТЫЛДЫ


Маектешкен Амирбек Азам уулу, Прага 22-февралда Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Жетинчи Кышкы жыйыны аяктады. Жыйынга уюмга мүчө 49 өлкөдөн парламентарийлер катышты. Жети өлкөдөн өкүлдөр келген жок. Жыйындын күн тарбинде ушул жумада өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаган Косово жана Европадагы коопсуздук тууралуу маселелер болду. Анын иши тууралуу Кыргыз парламенттик делегациясынын мүчөсү Исхак Масалиев менен кабарчыбыз Амирбек Азам уулу маектешкен.

-Исхак мырза, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жума күнкү сессиясында демократия, адам укугунун абалы жөнүндө дагы талкууланмак. Талкууларда Орусиядагы кыргыз, өзбек, тажик жарандарынын өлтүрүлүшү, ушуларга каршы чабуулдар жөнүндө айтылдыбы?

- Жок булар жөнүндө бүгүн айтылган жок.

- Адам укугу, демократия боюнча кайсы маселелер каралды?

- Азыр Косово жөнүндө талкуу бүттү. Косово проблемасы боюнча бир топ мамлекеттер пикирин айтып кетишти, карама-каршы пикирлер болду. Эгерде Грекиянын делегация өкүлү каршы болсо, ошол эле мезгилде Албаниянын өкүлдөрү макулдугун берип, Косово туура чечим болду дешти. Ар түрдүү пикирлер болду.

-Анда Косово боюнча бир бүтүм айтылган эмес турбайбы, жаат-жаат болуп калды десе болобу?

-Ар түрдүү пикирлер болду. Көбүрөөгү туура болду, ушуну колдош керек деген мааниде жыйынтыктаган. Ал эми КМШ мамлекеттерде бир эле Орусия мамлекети ачык каршылыкты көрсөттү.

-Сиз өзүңүз кыргыз өкмөтүнүн Косовону таануну Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши бир бүтүмгө келмейинче кийинге калтыруу жөнүндөгү чечимин кандай карайсыз?

-Мен ойлоп атам, бул туура эле чечим болуп жатат. Себеби биринчи Бириккен улуттар уюмдардын ассамблеясы, Коопсуздук кеңеши карап бүтмөйүнчө кандай бир жыйынтыкка барганыбыз биздин мамлекет үчүн балким шашылыш болуп кетет. Бул жагына мен кошулат элем. Биз деле Бириккен уюмдун мүчөсү болгондон кийин кандайдыр бир багытта иштегенге милдеттүбүз. Биздин добушубуздан, же мамлекеттин көз карашынан Европадагы өзгөрүлүш, же өнүгүш башкача болуп кетпейт. Ошондуктан биз делегациянын мүчөлөрү сүйлөшүп туруп, азыр өзүбүздүн мамлекеттин көз карашын жарыялаган жокпуз.

-Косово маселесине байланыштуу кечээ бейшемби күнү Белграддагы чет элдик элчиликтерге, анын ичинде АКШнын элчилигине кол салып өрттөө болду эле. Бул боюнча бул жерде кандай пикирлер айтылды?

-Бул жөнүндө ушул жерде катышкан өкүлдөр бир топ нааразычылыгын айтып кетишти. Бул жагынан жакшы эмес жыйынтыктар болуп кетиши мүкүн деген коркунучтарын айтып кетти. Бирок туура, же туура эмес деп так айткандар аз болгон.

- Анда кайрылуу кабыл алынган эмес турбайбы?

-Жок, андай кабыл алынган жок.

-Бул эки күңдүк жыйында ракетадан коргонуу маселеси боюнча кандай көз караштар айтылды. Кыскартуу керек дейби?

-Россиянын өкүлдөрү бүгүнкү күндө Америка, Европадагы жайгашып аткан ракетага карышылык система бул Россияга каршылык кылган деген мааниде айтты. Ошол эле учурда чех өкүлдөрүнүн айтышы боюнча, бул туура жана керектүү нерсе, биз ошон үчүн бул системага кошулабыз деген мааниде сөздөр айтылган.

-Кыргызстан үчүн маанилүү миграция маселеси да каралмак да?

-Ушул жылы майда Түркменияда миграция боюнча комитеттик жыйналыш болот деп сүйлөштүк.

-Келбей калган мамлекеттердин ичинде кимдер бар?

-Мисалы биз байкадык, Өзбекстандын делегаттары болгон эмес.

-Өзбекстандагы кырдаал жана адам укугу жөнүндө сөз болгондо демократиянын абалы айтылган жокпу?

-Жок айтылган жок.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG