Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:04

САНТА КЛАУС, ДЕД МОРОЗ, КАР БАБА КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ ЧОГУЛДУ


Туризм тармагынын жетекчилери Санта Клаустун жергеси Кыргызстан экенин көргөзүү максатында эки күндөн бери санта клаустардын фестивалын өткөрүп жатышат. “Азаттыктын” таңкы уктурууларына Өкмөт алдындагы Туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев катышып, ушул иш чара боюнча айтып берди.

- Айтсаңыз фестиваль кандай өтүп жатат, кечээ Ысыккөлдө өткөрүп келдиңиздер окшойт?

- Кечээ Ысыккөл жергесинде биринчи эл аралык cанта клаустардын кышкы фестивалын өткөрүп келдик. Бул фестивалга көп мамлекеттердин санта клаустары келип катышты. Негизги биздин конок Швециянын “Свеко” компаниясынын жетекчилери болду. Биздин Кыргызстанда дүйнө жүзүндөгү жер ортосундагы чекитти Санта Клаустун чокусу деп таап, тактап, далилдеп берген компаниянын жетекчилери келишти. Ошондой эле Даниядан санта клаустардын Европа мамлекеттери боюнча президенти бар экен, бул киши келди. Индиядан, Ирандан, Россиядан, Великий устюгдан орустардын Дед морозу келди. Ошолор менен чогуу чоң делегация келди. Айтор Кыргызстанды чындап эле санта клаустардын өлкөсү катары коомчулукта таануу болду. Фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды Санта Клаустун өлкөсү катары дүйнө жүзүнө таанытуу эле.

- Кандай иш чаралар өттү?

- Биринчи күнү Швециядан келген конокторго суроолор аябай көп болду. Кыргызстандыктар гана эмес, дүйнө жүзүнөн келген телеканалдар, журналисттер өтө кызыгып, суроо беришти. Өздөрү келип бардыгын, кандай жол менен эсептеп чыгышканын айтып, далилдеп, көптөгөн суроолорго жооп беришти.

- Ушул жерде бир суроо пайда болуп атат, Турусбек мырза. Өткөндө бир маалымат каражаттары жазып чыкты: Санта Клаустун аты башка чокуга коюлуп калган экен, чет өлкөлүк окумуштуулар аныктап берген радиустан тышкары башка жака кетип калыптыр деген маалымат чыкты. Ошол маалыматтын канчалык чындыгы бар?

- Жок, бул бир эле “Фергана ру” дегендин журналисттери гана өзүлөрүнүн ой-пикирин жазып койшкан. Кыргызстандыктар биз эч кандай эсептөө жүргүзгөн эмеспиз, бизде андай мүмкүнчүлүк да жок. Швециялык “Свеко” компаниясы эсептешкен. Бул жөн эле имиш гана сөз бойдон калып, силердин араңарга таркап кеткен.

- Бүгүн фестиваль бүтөт, жыйынтыкталат деп атат, кандай нотада бүткөн атат?

- Кудай буюрса эң жакшы. Бишкектен баштап Ысыккөлгө барып, кайра бүгүн Бишкектен бүтөбүз. Бүгүн эртең менен он жарымда биздин премьер-министр кабыл алат коноктордун бардыгын. Андан кийин кечиндеси конгресс холлдо премьер-министр өзү баштап тегерек столдо бүт бардык Санта Клаустар, Дед мороз, Ирандан келген коноктор өзүнүн формасы менен отурушуп, ошол жерде маек курабыз. Президенттин атынан кечки сый тамак берилет, ошону менен жакшынакай маанайда жыйынтыктайбыз.

- Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG