Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

“АТА МЕКЕНДИН” АЯЛДАР КАНАТЫ ТҮЗҮЛҮҮДӨ


“Ата мекен” партиясынын карамагында жалаң кыз-келиндерден турган жаңы уюм түзүлүп жатканы кабарланды. Буга эмне түрткү болду, анын максаты эмнеде? “Азаттыктын” таңкы уктурууларында бул суроолорго “Ата Мекен” партиясынын активист мүчөсү Элегия Мусаева жооп берди.

- Саясат аркылуу коомдун турмушуна өзгөрүүлөр киргизилет эмеспи. Аялдардын тагдырына, жашоо шартына да ошол өзгөрүүлөр түздөн-түз таасир эткенден кийин саясатка аралашуу аялдардын да милдети.

- Бүгүн аялдардын маселеси мурдагыга салыштырмалуу чечилип жатпайбы. Парламентте мисалы аялдардын 25-30 пайызга жакыны келди деп атабыз. Башкаруунун башка структураларына кирип атат аялдар. Ушундай жагдайда оппозициялык партияда өзүнчө аялдар канатын түзүлүшү канчалык актуалдуу?

- Бул милдет граждандык дагы, моралдык жактан дагы парздан келип чыгат. Ушул себептерден жүздөгөн бейөкмөт уюмдар ачылып иштеп жатат. Ал эми чет өлкөдө партияларда аялдар фракциялар, уюмдары жемиштүү иштеп жатат. Ушул себептерден улам биздин партияда жаш аялдардын канаты ачылууда. Менимче, мындай көрүнүш саясий партияга күч, кубат, ийгилик жана популярдуулук алып келет. Ал эми биздин биринчи тендерибиз, аялдарыбыздын саясаттагы ролун күчөтүү, анын ичиндеги жаш кыздарды майда-чүйдө жумуштарга жумшабай, кошо ээрчитип, саясий билим берип, саясаттын цивилизациялык ыкмаларын үйрөтүү.

- Менин түшүнгөнүмө караганда, бул “Ата мекен” партиясынын тутумундагы аялдардын уюму бул өңчөй жаштардан куралат сыяктанат, же курагы эсепке алынбайбы?

- Бул маселе дагы чечилет, демилгечи топ чогулуп сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, эми дагы такталат бул кандай болот.

- Элегия, сиз “Ата мекен” партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири болуп жүрөсүз. Партия лидерлери өткөңдө айтышты эле, жаздан баштап эл менен кайрадан жолугушууга чыгабыз деп. Ал максат күчүндөбү, же партияда башка максаттар болуп атабы?

- Азыркы күндө партия өзүнүн күнүмдүк жашоосу менен алектенүүдө. Ал эми жазында кандай болорун лидерлер өзүлөрү айтканы жакшы го.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG