Беш күндөн бери Ереванда миңдеген адамдар катышкан демонстрация өтүүдө. Оппозиция 19- февралда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы орой бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.
Ырасмий маалымат боюнча, шайлоодо 53 процент добуш менен премьер-министр Серж Саркисян жеңген. Ал эми Тер-Петросян 21,5 процент гана добуш алган.
Бирок бейшемби күнү БШКнын эки мүчөсү шайлоонун жыйынтыктоочу протоколуна кол коюудан баш тартышты. Анын эртеси өкмөткө жакын адам деп эсептелген парламенттин орун басар төрагасы Ваган Ованисян шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктарга нааразылык иретинде отставкага кетти. Ал өз чечимин мындай түшүндүрдү:
-Эгерде өз добушуңуздарды бүгүн коргобосоңуздар, мыйзамсыз коркутуп- үркүтүүлөр, соттун мыйзамсыз чечими же камакка алуулар жөнүндө эртең даттана албайсыздар. Сиз жеке өзүңүз үчүн арызданууга укуктуусуз.
Ованисян Армения ынкылапчыл федерациясы- Дашнакцтүтюн партиясынын атынан президенттикке ат салышкан.
Жума күнү оппозициянын катарына Армениянын башкы прокурорунун орун басары Гагик Жангирян да кошулду. Эртеси күнү Жангирян кызматынан бошотулду жана каруу жаракты мыйзамсыз сактады деп айыпталып, камакка алынды. Ушундай эле жүйөө менен кирешелер боюнча мурдакы министр Самбат Айвазян, ошондой эле “Жаңы доор” партиясынын башчысы Арам Карапетян кармалды. Камакка алууларды Тер-Петросян саясый кысым көрсөтүү деп баалады:
-Бул баарындан мурда саясый маселе. Андан тышкары, башка да кызмат адамдары Жангиряндын жолуна түшпөс үчүн бийликтер аларды ушинтип коркутмак болууда.
Мындай чараларга карабай, оппозицияга он чакты дипломат, анын ичинде Казакстандагы элчи Левон Хачатрян да кошулганы маалымдалды. Армениядагы өтө таасирлүү эсептелген Карабах согушунун ветерандар уюму да оппозициянын таламын талашууда.
Бийликтер Конституцияны коргоо үчүн оппозициянын ар кандай мыйзам бузууларына жол берилбесин эскерткен.