Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН МУРАСКЕРИ ТЫШКЫ САЯСИЙ ЖҮРҮШҮН СЕРБИЯДАН БАШТАДЫ


Орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри, бир аздан соң өлкөнүн кийинки президенти болору күтүлүп жаткан Дмитрий Медведев алдыдагы жеңишин күтпөстөн эле тышкы саясаттын маселелерине киришип, дүйшөмбү күнү Сербияга барды. Орусиянын болочок президентинин визити Косово көз карандысыздыгын жарыялоосунан улам Сербия Батыш менен каршылашып жаткан учурга туш келди.

Орусиянын болочок президентинин тилдеш, диндеш жана эң жакынкы өнөктөштөрдүн бири Сербияга визити расмий түрдө экономика жана энергетика маселелерин талкуулоо максатында деп мүнөздөлгөн эле. Анткен менен аналитиктердин пикиринде, бул ириде саясий сапар болду. Мурас фондунун Москвадагы кеңсесинин башчысы, саясий талдоочу Евгений Волк мындай дейт:

-Менимче бул жерде терең саясий контекст бар. Косового байланыштуу Батыш менен карама-каршылыкта Сербияны колдоо, Сербиянын Косовонун көз карандысыздыгын тааныбоо жөнүндөгү турумуна тилектештик билдирүү. Орусия Приштанынын аракети ал үчүн азыр деле кабыл алынгыс экенин, бул багытта Сербия меенен тыгыз кызматташууга ниеттүү экенин көргөзүүдө.

Косовонун көз карандысыздыгын АКШ, Британия, Франция, Германия өңдүү ири өлкөлөр таанып койсо, Орусия калктын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн провинциянын мындай кадамын "мыйзамсыз" атаган. Сербиядагы кыска сапары ириде аларга Косово маселесинде колдоо көргөзүү экенин орустардын болочок президенти серб өкмөт өкмөт башчысы Воислав Коштуница менен сүйлөшүүлөрүндө өзү да ырастады:

- Албетте, биздин кыска сапардын максаты - биринчи кезекте Косовонун көз карандысыздыгын бир тараптуу таануу боюнча мыйзамсыз аркеттердин шарттарында Сербияга колдоо көргөзүү. Биз Сербия юрисдикциясы анын бүткүл аймагына тараган жалгыз мамлекет деп эсептейбиз.

Дмитрий Медведев Белградга өткөн аптада бул жерде Батышка каршы ири демонстрациялар орун алган соң келип олтурат. Косово көз карандысыздыгын жарыялашына ачууланган сербдер Кошмо штаттардын элчилигине кол салганга чейин барган эле. Аналитиктердин пикиринде, болочок президенттин Сербияга визити Путиндин тышкы саясаты Медведевдин тушунда өзгөрбөй турганын да белгиси. Москвалык саясий талдоочу Евгений Волк:

-Бул – белгилүү бир деңгээлде Орусиянын тышкы саясаты улантыларынын, Медведев Путиндин багытынан тайбасынын да күбөсү. Албетте, Медведев Кремль менен макулдашып, Орусиянын тышкы саясаты өзгөрбөсүн көргөзүүдө.

Саясий талдоочу Евгений Волк кошумчалагандай, болочок президент Дмитрий Медведев өткөн аптада британиялык маданий жана агартуучу мекеме - Британ кеңешин Орусияда тыңчылык кылып жатканы үчүн айыптаган эле. Анын бул сөздөрү да Путиндин катаал тышкы саясаты улантыларынын күбөсү.

Орусиянын болочок президентинин Сербияга сапары учурунда, ал расмий мүнөздөлгөндөй энергетика маселелерине да көңүл бурулду. Медведев өкмөттүн биринчи вице-премьерлиги менен катар мамлекеттик "Газпром" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагалык кызматын да ээлейт.

Мындан туура бир ай мурда, Косово көз карандысыздыгын жарыялай электе Орусия менен Сербия Москвада газ –мунай тармагы боюнча бир катар келишимдерге кол койгон эле. Анда Москвага иш сапары менен Сербиянын президент Борис Тадич, премьер- министр Воислав Коштуница баштаган жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү келген.

Келишимдердин бири Орусиянын көгүлтүр отун Балкан өлкөлөрүнө, андан ары Европанын түштүгүнө Кара деңиздин түбү аркылуу чыгаруучу "Түштүк агым" газ куурун төшөөнү карайт. Орусиядан Кара деңиздин түбү аркылуу 2000 метрге чейинки тереңдикте төшөлүп, 900 чакырымга созулган куур Болгариядан чыгып, андан соң Балкан өлкөлөрү аркылуу өтмөкчү. Сербиянын аймагына 2013-жылы ишке берилери күтүлүп жаткан ошол куурдун 400 чакырымы туура келет. Мындан сырткары "Газпром" Сербияда жер алдында газ сактоочу жай курууну көздөөдө жана мамлекеттик мунай компаниясынын акцияларынын контролдук пакетин тендерсиз эле сатып алган жатат.

Белгилей кетчи бир жагдай, Сербиянын азыркы президенти Борис Тадич өлкөсүн батышка, Еврошаркетти карай багыттону көздөйт, ал эми премьер- министри Воислав Коштуницага ыктаган улутчулдар Орусиянын таасири астында болууну өнүгүүнүн буга атаандаш жолу катары карашат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG