НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Брюсселде Евросоюздун тышкы саясий жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Косовонун бүткүл аймагы эки уюмдун тең бирдей жоопкерчилигине караган зона бойдон каларын ырастады. “KFOR бул жерде калат, KFOR бүткүл Косово үчүн жана бул аймактын кайсы жеринде жашабасын,анын бардык жарандарын коргоо үчүн кызмат кылат”,- деп айтты НАТОнун баш катчысы.
Өткөн жумадан тартып Евросоюз Косового өзүнүн көмөкчү миссиясын киргизе баштаган эле. Бирок сербдер басымдуулук кылган райондордо, айрыкча Митровицада жергиликтүү калк аларды кабыл алгандан баш тартты. Натыйжада Евросоюздун өкүлдөрүн ал жерлерден чыгарып кетүүгө туура келди.
Еврошаркеттин башкы дипломаты Солана полицмендер менен юристтерден турган көмөкчү миссия Косовонун бардык райондоруна жайгаштырылууга тийиш экенин белгилеп, жергиликтүү сербдерди “жоопкерчиликтүү” болууга чакырды. Деген менен косоволук сербрдер арасында НАТОго да, Евросоюзга да бирдей кыжынган маанай күч алып баратат. Дүйшөмбү күнү косоволук сербдердин колунан он чакты полицмен жабыркады, чекара пунктуна жакын жерде адаттагыдай эле нааразылык митингге жыйналган жүз элүүдөй адам аларды ташбараңга алып, бөтөлкөлөр менен атып урушту. НАТОнун күчтөрү кийлигишип жатып, абал жөнгө салынды.
Брюсселдеги маалымат жыйынында Схеффер менен Солана өткөн аптада Белградда АКШнын, Батыштагы башка да өлкөлөрдүн элчиликтерин талкалап, өрттөп жиберген окуяларга байланыштуу суроолорго өтө абайлап жооп беришти. Экөө тең НАТО жана Евросоюз менен кыйла тыгыз кызматташуу үчүн Сербияга качан болсо каалга ачык экенин ырасташып, бирок муну кантип жасоо керектигин айтышкан жок. “Биз үчүн Белград менен жакшы, бекем мамиле түзүүнүн фундаменталдуу мааниси бар”, - деп айтты Солана. Белград Стабилдештирүү жана жардамдашуу келишими аркылуу Евросоюз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунуштарын алганын эске салып, Солана буга кошо шаркетке мүчө болуу үчүн “артыкчылыктуу талапкер статусун” алганга Сербиянын Балкандагы башка өлкөлөргө караганда мүмкүндүгү көбүрөөк экенин да кыйытып өттү.