Бирок бул маселе өкмөт аралык деңгээлде эки өлкө ортосунда чоң талаш-тартыш жаратууда. Алалы, жакында эле коопсуздук боюнча Мюнхенде өткөн эл аралык конференцияда Молдова президенти менен Румын тышкы иштер министринин ортосундагы кызуу талаш муну дагы бир жолу ачыктады.
Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда Молдова президенти Владимир Воронин менен Румын тышкы иштер министри Адриан Чоройану тил маселеси боюнча тартыша кетишти.
Молдовалыктар румын тилинде эле сүйлөшөт, басым коюуда жана айрым сөздөрдөн гана айырмачылык бар деп эсептеген румын тышкы иштер министри Воронинге мындай сөздөрү менен французча кайрылды:
- Менин оюмча Европанын коңшуларга карата саясатында Молдова эң маанилүү орунду ээлейт. Мен Молдова Республикасы менен Румыниянын бир тилди колдонушу жок дегенде техникалык жактан артыкчылык берет деген үмүттөмүн.
Буга карата Молдова президенти, коммунист саясатчы Воронин орусча мындайча жооп кайтарды:
- Мен силерге миллионунчу жолу жооп кайтарып атам. Дагы миллиард жолу кайталайм. Өлкөнүн тилин кантип өнүктүрүү, ал ошол өлкөнүн элинин иши. 2004-жылдын октябрь айында биз референдум өткөргөнбүз. Анда калктын 87 пайызы тилди молдова тили деп тааныган. Бизде Румыния менен жумуртка биринчи жаралганбы же тоокпу деген бүтпөс талаш жүрүп жатат.
Воронин бийликке келгени 2001–жылдан тарта молдован тилин таанытуу аракетин жасап келет. Анын бул демилгеси Молдова менен Румыниянын ич ара мамилесин козутуп келет. Кийинки кезде эки өлкө ортосундагы талашка Европа Биримдиги арачы болуп баштады.
Ушул учурда Европа Биримдигине төрагалык кылган Словения биримдикке жаңыдан мүчө болуп кирген Румынияны бул маселеде сабырдуулукка чакырып жатат.
Ошол эле убакта Брюссель жаңы коңшусу Молдова менен да жылуу мамиле жүргүзгүсү келет. Анткени Молдованын жикчил Днестр бою аймагындагыдай окуялар, эгерде бул өлкөдө туруктуулук болбосо, Европанын башка бөлүктөрүнө кеспети тийиши мүмкүн.
Анткен менен Румыния Европалык Коңшулук Саясатына мүчө Молдованын ырасмий документтериндеги тилди - молдова тили деп тааныбоого чакырууда.
Биримдиктеги кээ бир аткаминерлер аймакта лингвистикалык көп түрдүүлүк ашкере жайылып кеткенин белгилешүүдө. Европа биримдигинде учурда ырасмий 23 тил бар. Андыктан кээ бир аткаминерлер молдован тилин таныбоо үчүн муну жүйөө келтириши да ыктымал.
Европа Биримдигинин лингвистикалык көп түрдүүлүк боюнча комиссары Леонард Орбан тил астейдиликти талап кылган маселе экендигин айтат. Андыктан анын айтымында, Европа институттары бул маселеде өлкөлөргө астейдил мамиле жасашы керек.
"Азаттык/Эркин Европа" үналгысынын кабарчысы бул маселе боюнча молдовандыктардын өздөрүн кепке тартып, «сиз румын тили менен молдован тилинин ортосунда айырмачылык бар деп ойлойсузбу?» деген суроо берген. Бул суроого жооп мындай болду:
Экөө тең бир – румын тили экендигине шек жок. Жогорку билими бар адамдар өздөрү кайсы тилде сүйлөп жатышканын билишет. Карапайым калктын башын айлантса болот. Анткени 1812-жылы бул жер Орусияга караштуу аймак эле. Бул себептен биз сүйлөгөн румын тилине орус тилинен көп сөздөр кирген. Биз румындар менен котормочусу жок, бири-бирибизди түшүнө аларыбыз оңой эле байкалат. Воронин эки нерсени: өзүнүн жекече саясий идеологиясы жана тамыры тереңге кеткен элдин тарыхын чаташтырып атат, - дейт биз баарлашкан молдован.
Бирок Молдован президенти Воронин өзүнө карата айтылган мындай сындарды четке кагып, «молдован тили» бар экендигин тастыктоо аракетин уланта берээрин айтууда.
Сүрөттө: Молдованын президенти Владимир Воронин
Элен Куленбекова, Прага